Ошто 32 жаштагы аял үч баласы менен иске ууланып каза болду

11-январда Ош шаарында 32 жаштагы аял үч баласы менен иске ууланып каза болду. Бул маалыматты «Клоопко» Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тастыктады.

Маалыматка ылайык, кырсык 11-январь күнү түштөн кийин болгон. Алдын ала тергөөнүн жыйынтыгында алар көмүрдөн чыккан иске ууланганы аныкталды.

«Маркумдун күйөөсү жумушта жүрүп, аялына телефон чалган. Жооп ала албаган соң, үйүнө келип, аялынын жана балдарынын каза болгонун көргөн», — деп белигилешти милициядан.

Ош ШИИБден учурда бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталганын кошумчалашты.

Өлкөдө дээрлик ар бир кышта тургундар иске ууланып каза болгон окуялар катталат. Буга чейин үстүбүздөгү жылдын 7-январында Жалал-Абадда 2 жашар кыз электр жылыткычтын күйгөн зымынан чыккан иске ууланган.

Ага чейин 30-декабрда Кадамжай районунун Алга айылында бир үй-бүлөдөн алты киши электр мешинен чыккан иске ууланып каза болгон.

Тема боюнча:

Жалал-Абадда эки жашар кыз иске ууланып каза тапты

Кадамжай: Бир үй-бүлөдөн алты адам иске ууланып каза тапты