Жалал-Абадда эки жашар кыз иске ууланып каза тапты

Иллюстративдик сүрөт

7-январда Жалал-Абад шаарында эки жашар кыз электр жылыткычтын күйгөн зымынан чыккан истен ууланып каза тапты. Бул тууралуу «Клоопко» Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя болгон күнү кыздын апасы саат 20:00дө эки жашар кызын жана үч жашар уулун уктатып, кошумча жумуш кылуу үчүн идиш жууганы үйүнөн чыгып кеткен.

Ал саат 23:30 чамасында жумуштан кайтып келгенде электр жылыткычтын зымы эрип, үйдү түтүн каптап калганын көргөн. Натыйжада, кызы каза болуп, уулу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталды.

Буга чейин өткөн жылы 30-декабрда Баткен облусунун Кадамжай районунун Алга айылында электр мешинен чыккан иске ууланып, бир үй-бүлөдөн алты киши каза тапкан.

Өлкөдө дээрлик жыл сайын жылытуу сезону башталганында тургундар иске ууланып каза болгон окуялар катталып турат. Өткөн жылдын февраль айында Ноокатта жубайлар небереси менен кошо истен каза тапткан. Ал эми 2021-жылдын апрелинде Сузакта аял үч баласы менен иске ууланып мерт кеткен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кадамжай: Бир үй-бүлөдөн алты адам иске ууланып каза тапты

Ала-Бука районунда үч киши иске ууланып каза болду

Сузакта аял үч баласы менен иске ууланып каза болду. Арасында эгиздер да бар