Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 12-январда дүйнө жүзүндөгү адам укуктарынын абалына жасаган жылдык байкоосунун жыйынтыгын жарыялады. Анда Кыргызстанда сөз эркиндигине басым уланып жатканы, ошондой эле укук коргоо кызматкерлери көрбөгөн аялдарга карата зомбулуктун уланып жатканы тууралуу айтылат.
«Клооп» уюмдун отчётундагы маанилүү учурларга токтолот.
Сөз эркиндигине болгон басым
Укук коргоочулар 2022-жылы «сөз эркиндиги сокку астында калганын» жана бир катар көз карандысыз журналисттер, блогерлер жана ЖМКга карата кылмыш иштери козголгонун белгилешти.
Ошентип, Human Rights Watch уюму Next TV телеканалынын директору Таалай Дүйшөнбиевге карата саясий куугунтукту эске салды. 2022-жылдын сентябрында сот аны улут ралык кастыкты козутууга айыптуу деп таап, беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган, бирок үч жылдык пробациялык көзөмөл белгилеп, өлкөдөн чыгууга тыюу салган.
Ошондой эле, укук коргоочулар иликтөөчү журналист Болот Темировдун «Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз жол менен алган» деген жүйө менен өлкөдөн чыгарылганына көңүл бурушту. Темиров өзүнүн депортацияланышын кесиптик ишмердигине байланыштырган.
Андан тышкары укук коргоочулар былтыр «“жалган” маалымат жөнүндөгү ашыкча кеңири мыйзам бир нече ирет соттон тышкары колдонулганын» белгилешти.
Ошентип, аталган мыйзамдын негизинде ResPublica газетасынын жана 24.kg маалымат агенттигинин сайттары эки айга бөгөттөлгөн. Кийинчерээк 24.kg сайты кайрадан калыбына келтирилген. Октябрь айында болсо Маданият министрлиги «Азаттыктын» сайтын сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш тууралуу видеосюжет үчүн эки айга бөгөттөгөн.
Бийликтин пикиринде, аталган материалда «улуттук кызыкчылыктарга каршы келген анык эмес маалымат жарыяланган». Андан соң бир катар эл аралык уюмдар бийликти бул чектөөлөрдү алып салууга чакырышкан.
Жарандык коом жана бейөкмөт уюмдарга басым
HRW уюмунун отчётунда «кыргыз бийлиги адам укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого убада бергенине карабастан, жыл бою “сын айткан үндөрдү” жана жарандык коомдуу басмырлоо иши жүргүзүлгөнү» айтылат.
Ал эми депутат Надира Нарматова 2022-жылдын башында буга чейин четке кагылган «чет өлкөлүк тыңчылар» жөнүндөгү мыйзам долбоорун кайтарып келүүнү сунуштаган. Жыйынтыгында спикер анын документти кайрадан талкуулоо демилгесин карап чыгууну тапшырган. Бирок, ошондон кийин аталган мыйзам долбоору парламентте кайрадан каралган эмес.
Бирок, октябрда «Азаттыктын» кеңсесинин алдында «Клооп», «Азаттык» жана Kaktus.media басылмаларын жабуу талабы менен митинг өткөн. Ошондой эле, митингге бет кап кийип, жүздөрүн жашырган кишилер «чет өлкөлүк тыңчылар» жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну талап кылышкан.
HRW уюмунан эгер мындай мыйзам кабыл алынса, «бейөкмөт уюмдардын жана көз карандысыз ЖМКнын мыйзамдуу ишмердигине терс таасир этиши мүмкүндүгүн» белгилешти.
Ноябрда президенттин администрациясы «Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндөгү» мыйзамдын долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар эми милдеттүү түрдө Юстиция министрлигинде каттоодон өтүшү керек, ал эми уюмдардын ишмердүүлүгүн Башкы прокуратура менен Юстиция министрлиги толугу менен көзөмөлгө алышат. Бийликтин пикиринде, мындай жол менен мамлекет өзүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын «бейөкмөт уюмдардын уставдык эмес жана мыйзамсыз ишмердүүлүгүнөн коргойт».
Бирок, юристтер менен укук коргоочулар мыйзам долбоорун «басмырлоочу жана Конституцияга каршы келет» деп айтышкан. Алар мыйзам долбоору Орусиянын чет өлкөлүк агенттер жөнүндөгү мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилеп, мыйзамды артка чакыртып алууну суранып Садыр Жапаровго кайрылышкан.
Ошондой эле, укук коргоочулар отчётто Кемпир-Абад иши боюнча активисттер жана саясатчылардын массалык кармалганы тууралуу да эске салышты. Аталган иш боюнча жалпы 30дай киши кармалган, алардын көпчүлүгү дагы деле абакта. Алар массалык башаламандык уюштурууга даярдык көрүүгө айыпталышууда. Кармалгандар өздөрү күнөөлөрү жоктугун, аларга каршы иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле, Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет.
Андан тышкары, HRW уюму укук коргоочу Камил Рузиевдин окуясын эске салды. Ал документтерди жасалмалоого айыпталган. Августта Каракол шаардык соту Рузиевди актаган, бирок прокуратура чечимге каршы доо арыз жазган. Жыйынтыгында иш Жогорку сотко жетип, ал жакта да укук коргоочу акталган.
Тынч чогулуштарды өткөрүүгө тыюу салуу
Укук коргоочулар ошондой эле бийликтин Бишкектин борбордук бөлүгүндө митинг уюштурууга толук тыюу салганын сынга алышты. Соттун акыркы чечимине ылайык, чектөөлөр 31-мартка чейин күчүндө болот.
Ошондой эле, тынч чогулуштарды Орусиянын элчилигинин имаратынын алдында, Ала-Тоо аянтында, Эркиндик бульварынын айланасында, Панфилов паркында, Жогорку Кеңештин, президенттин администрациясынын, Жогорку соттун жана УКМКнын имаратынын алдында өткөрүүгө болбойт.
Соттун чечимине ылайык, бул чектөөнүн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларга тиешеси жок. Калган башка митинг жана акциялар Максим Горький атындагы паркта өтүшү керек.
Митингдерге тыюу салынганына байланыштуу акыйкатчы Атыр Абдрахматова билдирүү жасап, соттун чечимин «жөнсүз» деп атаган. Ал бул чечим Конституцияга жана кабыл алынган эл аралык милдеттенмелерге каршы келерин белгилеген. Анын пикиринде, мындай чечимдер өлкөнү дүйнөлүк коомчулуктун алдында дискредитациялайт.
Абактагы кыйноолор жана өлүмдөр
Докладда убактылуу кармоочу жайлардагы өлүмдөр «көйгөйү дагы деле курч» экени айтылат.
Укук коргоочулар «июнь айындагы саясат таануучу Марат Казакпаев жана банкир Бакыт Асанбаевдин өлүмү резонанс жаратып, [күч кызматкерлеринин] шалаакылыгы жана жол берилгис мамилеси тууралуу суроолорду жаратканын» белгилешти. Маркумдардын экөө тең УКМКнын ТИЗОсунда, бирок ар башка иш боюнча кармалышкан болчу. Казакпаев өлүмүнүн алдында бир нече ай бою ден соолугунун абалы начарлап жатканын байкаган, ал эми Асанбаев камерасында асынган абалда табылган. Аткаминерлерден жана жарандык коомдун өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия окуяны «жагдайлардын трагедиялуу жыйындысы» деп атап ишин жыйынтыктаган.
HRW уюму Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборуна таянып, акыркы үч жылда убактылуу кармоочу жайларда жана абактарда кармалгандардын жана эркинен ажыратылгандардын арасынан 151 кишинин өлүмү катталганын билдиришти.
Ошондой эле, Улуттук борбордун маалыматына ылайык, 2021-жылы кыйноо жана катаал мамиле кылууга айыпталгандардын 76%дан көбү милиция кызматкерлери болгон.
Аялдар менен майыптыгы бар адамдардын укуктары
Укук коргоочулар акыркы жылдары «Кыргызстан үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүүдө маанилүү кадамдарды жасап, бирок алар жаңы Конституция менен жазык жана жазык-процессуалдык кодекстер кабыл алынгандан кийин 2021-жылдагы инвентаризациянын жыйынтыгында жоюлуп калганын» айтышууда.
Мындан тышкары, алар аялдарга жана кыздарга карата зомбулук болгон учурлар «мурдагыдай эле укук коргоо органдарынын көзүнө дайыма эле түшө беришпейт, ал эми зомбулукка кабылгандар жардам алуу кызматтары менен адилеттүлүккө жетүү үчүн ар кандай тоскоолдуктарга туш болууда» деп белгилешет.
«Мындай тоскоолдуктарга баш калкалоо жана башка негизги кызматтардын жетишсиздиги, бийликтин кайдыгер мамилеси, стигма, ошондой эле зыяндуу стереотиптер менен тажрыйбалардын туруктуу сакталышына салымын кошкон милиция, сот, мамлекеттик аткаминерлердин жана диний кызматкерлер тарабынан мамиле кирет. Эң чоң көйгөй коомчулукта жана укук коргоо системасында кеңири жайылган аялдарга жана кыздарга карата жасалган зомбулуктун жазасыз калуу маданияты болуп эсептелет», — деп айтылат отчётто.
Ошондой эле анда президент Садыр Жапаров 2022-жылдын майында кол койгон жарлыкка ылайык, майыптыгы бар балдар менен чоңдордун жөлөк пулу жогорулаганына карабастан «жалпысынан Кыргызстандын бийлиги майыптыгы бар адамдардын укуктарын камсыздоо жаатында өз милдеттерине көз жумуп жатканы» белгиленет.
«Өлкөдө баасы жеткиликтүү болгон реабилитациялык борборлордун таңкыстыгы байкалат. Үй-бүлөлөр майыптуулукту каттоо үчүн пара берүүгө (майыптуулугу расмий катталбай туруп жөлөк пул алуу мүмкүн эмес) аргасыз болушканын айткан билдирүүлөр да келген», — деп айтылат документте.
Баткендеги куралдуу кагылыш
Андан тышкары, укук коргоочулар кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышты да эске салышты. «Тараптардын бирөө да 2021-жылдагы эки күндүк кагылыштын жүрүшүндө согуштун салттары жана мыйзамдарынын ыктымалдуу бузулушу боюнча бейтарап иликтөө жүргүзбөгөнү» белгиленди.
Акыркы эки жылда кыргыз-тажик чек арасында эки ири жаңжал болду.
2021-жылдын апрель айындагы конфликтте 36 киши, анын ичинде эки бала курман болуп, дагы 154 адам жабыркаган. Тажик тарап болсо 19 жараны каза болуп, 87 адам жарадар болгонун кабарлаган.
2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кагылышта, Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 63 киши каза тапкан, алардын 48и аскер кызматкери болгон. Жалпы 206 адам жабыркап, алардын 145и — жоокерлер болгон.
Тажик ТИМинин расмий маалыматына ылайык, кагылышууда 41 тажик жараны каза таап, 20дан ашык кишиси жабыркаган. Бирок «Озоди Радиосу» жеке булактарына таянып, каза болгондордун саны 81 киши экенин жазган.
Эки тарап тең аскердик агрессияга бирин-бири айыптап жатат.