«Клооп» Кыргызстандын англис тили боюнча башкы репетиторун издейт

«Клооптун» Okutool программасына кыргыз тилдүү студенттерге англис тилин үйрөтүүчү башкы мугалим талап кылынат.

Okutool эне тили кыргыз тили болгондор үчүн англисче үйрөнүүчү негизги борбор болууга умутулат. Биздин аракеттердин арты менен, англис тили Кыргызстандагы экинчи тилге айланса деп кыялданабыз.

Бул кызматты биз «Кыргызстандын англис тили боюнча башкы репетитору» деп атадык, анткени өлкөдөгү бир дагы мугалим мынча көп студентти окута албайт. Эгерде иш биз пландагандай жүрсө, анда бул адам өлкөнүн тарыхында бурулуш жасаган болот.

Эмне кылуу керек:

  • [англис тилин билүү] денгээли ар башка студенттер үчүн окуу программасын түзүү;
  • бардык форматтагы видеосабактарды, тексттерди жана көнүгүүлөрдү даярдоо жана координациялоо;
  • башка мугалимдердин ишин көзөмөлдөө;
  • онлайн-коомдун студенттери, ыктыярчылары жана башка мүчөлөрү менен байланышта болуу;
  • соцтармактарга платформанын иши тууралуу постторду жазууну координациялоо жана даярдоо;
  • студенттер менен ыктыярчылардын активдүүлүгүн анализдөө;
  • студенттер менен баарлашуунун жана маалыматтарды анализдөөнүн негизинде, платформаны жакшыртуу тууралуу сунуштарды берүү жана программисттердин аларды ишке ашыруусун көзөмөлдөө.

Биздин түшүнүгүбүздө, бул кызматка идеалдуу талапкер төмөндөгүдөй жөндөмгө ээ:

  • англис жана кыргыз тилдеринде эркин сүйлөйт;
  • бүткүл Кыргызстанды англис тилинде сүйлөтүүнү каалайт :);
  • электрондук окуу программаларын жана онлайн курстарды даярдоодо тажрыйбасы бар;
  • соцтармакта өзүн эркин сезет.

Талапкерлерди тандоо эки этап менен жүрөт. Биринчи этаптан ийгиликтүү өткөндөрдү маектешүүгө чакырабыз. Долбоор тууралуу кененирээк билүү үчүн шилтемени басыңыз.

Баса, бизде аралыктан иштөө мүмкүнчүлүгү бар. 

Биздин команданын мүчөсү болгуңуз келеби? Төмөнкү форманы толтуруңуз. Билдирмелер 2023-жыл 30-январь, саат 18:00гө чейин кабыл алынат.