Бир кадр менен: Бишкектин ызгар суук учурундагы жарыгы жок конушу

Январдын башында түшкөн аномалдуу сууктан улам Кыргызстандын жер жерлеринде электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Жарандар жарык бир канча саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда.

«Азаттыктын» журналисти Бакыт Төрөгелди Бишкектин айланасындагы Поле Чудес деп аталып жүргөн конуштагы көчөлөрдүн биринин сүрөтүн жарыялады. Сүрөттө үйлөрдө жарык жок, бардыгын караңгы каптаганын көрүүгө болот. Журналисттин айтымында, сүрөт 16-январда тартылган.

Сүрөт: Азаттык/Бакыт Төрөгелди

Бийлик аномалдуу суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр киргизилбегенин, ал эми жарык бир нече саатка өчүп жатканын «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат. Буга чейин энергетиктер тургундарды жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн деп эскертишкен.

«Биздин жабдуулар, трансформаторлор, электр линиялары жана башкалардын, бардыгынын техникалык мүнөздөмөлөрү, жүктөмдүн нормалары бар. Мисалы, трансформаторду 100%га гана жүктөсө болот, андан ашып кетсе, көйгөйлөр жаралат. Катуу суукка байланыштуу ушундай иш чаралар көрүлүүдө», — деп түшүндүргөн 16-январда «Кыргызстандын улуттук электр тармагынын» жетекчиси Алтынбек Рысбеков.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип атканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен. Анткен менен ал бул суукта энергосистема «штаттык тартипте иштегенин», энергетиктер «жүктөм көп болорун күтүшкөнүн» белгилеген.