Депутат Бекешев: Доллар менен эмес, рубль менен күрөшүш керек болчу

Депутат Дастан Бекешев Twitter барагында накталай долларды өлкөдөн чыгарууга убактылуу тыюу салынганы боюнча оюн айтты. Эл өкүлүнүн пикиринде, Министрлер кабинети өлкөгө накталай рубль алып кирүүгө тыюу салышы керек болчу, себеби «рубль аябагандай көп болуп, банктар аны кайда жоготорун билбей жатат».

«Минкаб доллардын Орусияга ташылып кетишин алдын алуу жолун издеп жатканын жакшы түшүнөм. Бирок, тескерисинче, өлкөгө рубль алып кирүүгө тыюу салып, банктарды рублди белгилүү өлчөмдө гана алууга милдеттендирүү керек эле», — дейт эл өкүлү.

Депутат минкабдын күчүнө кирген чектөөсү Конституцияга жана «Чет өлкө валютасындагы операциялар жөнүндөгү» мыйзамына каршы келерин кошумчалады.

Министрлер кабинети 16-январда Кыргызстандан накталай чет өлкөлүк валютаны алып чыгууга убактылуу тыюу салган. Тыюу «финансы-экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ички валюта рыногундагы кырдаалды турукташтыруу, ошондой эле Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын коргоо максатында» киргизилгени белгиленет.

Валютаны накталай алып чыгып кетүүгө төмөнкүдөй чектөө коюлду:

– резидент эместерге жана чет өлкөлүк жарандарга 5000 доллардан көп суммада чыгарууга;

– Кыргызстандын жарандарына жана резиденттерине 10 000 доллардан көп суммада чыгарууга.

Кыргызстандын жарандары жана резиденттери 10 000ден ашык накталай доллар алып чыккан учурда белгиленген лимиттен ашкан сумманын 10% өлчөмүндө төлөм алынат.Чектөө коюлгандан кийин Улуттук банк банктарда жана акча алмаштыруу жайларында кардарлар менен эсептешүү үчүн чет элдик валюта жетиштүү экенин билдиришти.

Доллар боюнча абал

Кыргызстанда накталай доллардын тартыштыгы Орусия 24-февралда Украинага толук кандуу кол салуусун баштап, андан соң ага дүйнө мамлекеттеринин көбү болуп көрбөгөндөй санцияларды киргизгенден баштап, 2022-жылдан бүгүнкү күнгө чейин сезилип келе жатат.

Экономист Марат Мусуралиев 2022-жылдын ноябрында «Клоопко» курган маегинде накталай валютанын тартыштыгын батыш өлкөлөрүнүн Орусияга накталай долларды түз жеткирүүгө тыюу салганы менен байланыштырган.

Анын айтымында, Орусияга АКШ долларынын агымы токтоп, бирок суроо-талап күчтүү бойдон калгандыктан ал ошол «накталай акчаны дүйнө жүзүнөн, биринчи кезекте Орусия менен экономикалык интеграциясы жогору, визалык режими жок, чек арадан өтүү тартиби максималдуу жөнөкөй өлкөлөрдөн “сордура” баштаган».

Накталай доллар Кыргызстандан Орусияга мүшөктөп чыгарылып жатканын Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев дагы айткан. Премьер-министр Акылбек Жапаров да Орусияга накталай доллар жапырт түрдө ташылып жатканын бышыктаган.

Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2022-жылдын январ-ноябрь айларында жеке жактар башка өлкөлөргө 912,21 млн доллар которушкан. Анын ичинен 860,3 миллиону Орусияга которулган — бул 2021-жылы чет өлкөгө агылып кеткен доллардын баарынан (562,8 млн доллар) да көп.

Мусуралиевдин пикиринде, Кыргызстанда накталай доллардын тартыш болуп жатканына Орусия өз аймагынан долларды которууга тыюу салганы экинчи себеп. Ал мурда эмгек мигранттары Орусиядан рубль жана доллар которуп жүрүшкөн болсо, азыр алар накталай рубль гана которуп же ташып кете алышат деп белгилейт.

Дагы окуңуз: Кыргызстан долларын дагы деле жоготууда. Алардын көбү Орусияга кетип жатат

Өкмөт өлкөдөн накталай долларды чыгарып кетүүгө убактылуу тыюу салды