УКМК: Чүйдө мугалимдердин атынан аларга айтылбай банк эсептери ачылып, миллиондор уурдалган

УКМК Чүй облусунун Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо боюнча туруктуу системаны аныктады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы 17-январда билдирди.

Маалыматка караганда, райондук билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери алыскы аймактардагы орто мектептердин мугалимдерине кабарлабай туруп алардын атынан банктык эсептерди ачышкан. Муну менен алар ири каражаттарды чыгарып келгени айтылат.

«Мекеменин жооптуу кызматкерлери “Бай түшүм”, “РСК” банктарынан электрондук эсеп ачып, ар кандай операцияларды жүргүзүп келишкен. Аталган банктарда эсептери бар экенин, ошондой эле бул эсептерден ири суммадагы акча каражаты чыгарылганын билбеген мектеп мугалимдери аныкталган», — деп жазылат пресс-релизде.

УКМКдан акча каражаттары банкоматтардан билим берүү бөлүмүнүн башкы эсепчиси «Д.М.» жана эсептешүү бухгалтери «К.Э.» тарабынан чыгарылганын белгилешти. Мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 10 млн сомду түзгөн.

Учурда «Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат. менен кылмыш иши козголуп, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

ТЕМА БОЮНЧА:

Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн эсепчиси УКМК кызматкерине пара берип жатканда кармалды