Улуттук энергохолдинг: Токтогул ГЭСте авария болду деген маалымат — фейк

Мессенжерлерде Токтогул ГЭСте өлкөгө электр энергия берген негизги агрегаттардын бири иштен чыкты деп таркап жаткан маалымат фейк болуп эсептелет. Таркап жаткан маалыматта аварияга байланыштуу Кыргызстан боюнча электр энергиясы күнүнө төрт маал өчүрүлөт деп айтылат.Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, агрегаттын бардыгы кадимки тартипте иштеп жатат.

«Агрегат эч кандай [аварияга] учураган жок. Фейктер жазып жатышат», — деп белгиледи ал.«Электр станциялары» ишканасынан дагы Токтогул ГЭС электр энергиясын берүү боюнча эч кандай чектөө киргизбегенин билдиришти.

Январдын башында түшкөн аномалдуу сууктан улам Кыргызстандын жер жерлеринде электр жарыгы өчүрүлүп жатат. Жарандар жарык бир канча саатка эле эмес, күн бою өчүп жатканын айтып нааразы болушууда.

Өз кезегинде бийлик аномалдуу суук түшкөндөн бери электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүүлөр киргизилбегенин, ал эми жарык бир нече саатка өчүп жатканын «жөнгө салуучу чаралар» деп атап жатат. Буга чейин энергетиктер тургундарды жабдууларды күйүп кетүү жана иштен чыгып калуудан сакташ үчүн электр жарыгы өчүрүлүп турушу мүмкүн деп эскертишкен.

Энергетиктер азыркы суукта кыргызстандыктар электр энергиясын эң көп керектеп, ал рекорддук чекке жетип атканын белгилешүүдө. Улуттук энергохолдингдин башчысы Таалайбек Байгазиевдин айтымында, айрым күндөрү керектөөнүн суткалык көрсөткүчү 76,4 миллион кВт/саатка чейин жеткен. Анткен менен ал бул суукта энергосистема «штаттык тартипте иштегенин», энергетиктер «жүктөм көп болорун күтүшкөнүн» белгилеген.

Башкы беттеги сүрөт: Эрнист Нурматов / «Азаттык».