Өлкөнүн үч облусунда айрым мектептер онлайн окутууга которулду

17-январдан тартып Жалал-Абад, Талас жана Чүй облустарында айрым мектептер онлайн окутууга өтүп, бир катар бала бакча убактылуу жабылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарындагы бардык мамлекеттик мектептердин жана Таш-Көмүрдөгү алты мектептин окуучулары убактылуу онлайн окушат. Ошондой эле Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп жана Талас облусунун Бакай-Ата районундагы бир мектеп аралыктан окууга өттү.

Таш-Көмүрдө үч, Жайыл районунда — беш, Кара-Көлдө — эки жана Бакай-Ата районунда бир бала бакча убактылуу жабылды.

Мектептерди онлайн окутууга өткөрүү жана бала бакчаларды жабуу чечими Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынан көрсөтмөлөр түшкөндөн кийин кабыл алынган.

9-январда мектеп окуучуларынын кышкы каникулу аномалдуу сууктан улам 11нен 16-январга чейин узартылган.

17-январда Нарын облусунун Ат-Башы районундагы 21 мектеп катуу сууктан улам онлайн окутууга өткөн. Ошондой эле Майлуу-Суу шаарындагы бардык билим берүү мекемелери шаарда сууканалдагы авариядан улам өзгөчө кырдаал киргизилгендиктен аралыктан окутууга өткөн.

Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) жана сасык тумоо күчөгөнүн билдиришти. Ведомствонун маалыматына ылайык, 9-15-январь аралыгында КРВИ жана сасык тумоо жуктуруунун 8,3 миңден ашык учуру катталган.

«Курч респиратордук вирустук инфекция менен ооруп чыккан адам жөнөкөй эле алдын алуу чараларын сактабаса КРВИнин башка түрлөрүн дагы жуктуруп алышы мүмкүн. Ошондуктан беткап тагып, аралыкты кармап жүрүү керек», — деп эскертишти медиктер.

Дагы окууңуз:

Сасык тумоо: Республикалык инфекциялык оорукананын коридоруна да кошумча керебеттер коюлду