Сасык тумоо: Республикалык инфекциялык оорукананын коридоруна да кошумча керебеттер коюлду

Сасык тумоо күч алганына байланыштуу Республикалык инфекциялык оорукана толуп, коридорго да бейтаптар үчүн кошумча керебеттер коюлду. Бул тууралуу аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин сасык тумоо менен күнүнө 200дөй бейтап кайрылса, учурда алардын саны 350-400гө жетип жатат. Ооруканага кайрылгандардын 90%ы — 14 жашка чейинки балдар.

«Негизи биздин ооруканага орточо жана өтө оор абалда келгендерди жаткырабыз. Азыркы күндө бизге келгендерден дене табы көтөрүлгөндөрдүн саны көп болуп жатат. Анан ата-энелер “дарыларды берсек деле дене табы көтөрүлүп, такыр түшпөй жатат” деп айтып жатышат. Чынында эле ошондой болуп жатат», — деди дарыгер.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 14-декабрга карата сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциянын 9809 учуру катталган.

Калк арасында оорунун алдын алуу жана турукташтыруу максатында министрлик тарабынан 130 миң дозага жакын сасык тумоого каршы вакцина сатылып алынды.

Вакцинаны өнөкөт оорулары бар бейтаптар, тез-тез ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын тарбиялануучулары, кош бойлуу аялдар жана медицина кызматкерлери ала алышат.

Өлкөдө эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Кыргызстандагы бардык мектептер карантинге жабылган. Окутуу онлайн улантылып жатат.

Тема боюнча:

Билим берүү министрлиги: Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу 509 мектеп карантинге жабылды

Ош шаарындагы 12 мектеп карантинге жабылды