«Ачык пикирим абакка алып келди». Активист Эрлан Бекчороев ТИЗОдон кат жазды

Кемпир-Абад суу сактагычын коңшу Өзбекстанга берүүгө каршы чыккандан кийин камакка алынган активисттердин бири Эрлан Бекчороев абактан кат жазды. ТИЗОдогу шарт, тергөөнүн жүрүшү, бийликтин кадамдары боюнча жазылган катты 12-январда активисттин жубайы Шаршегүл Аманова «Клоопко» жиберди.

Каттагы маалымат — Эрлан Бекчороевдин жеке пикири, ал редакциянын позициясын чагылдырбайт.

Түнкү 12де дагы тинтүү болот

Албетте абактын жыргалы жок. Эркиндигиң чектелип төрт дубал, сыз жерде ден соолугуңа зыян алып келбей койбойт. Башында ооруган жериң ого бетер оорутуп кыйнайт. Бара-бара көнүп дагы кетет экенсиң. Ооба, азыр дээрлик абалым жакшы.

Бизди башка камераларга которушкан. Камералардын эң начары, башкача айтканда, түрмөнүн түрмөсүнө атайын блок ачып, террорчулардай камап, кармап отурушат. Бул дагы кыйноолордун бир кадамы — сындыруу, ден соолугубузду талкалоонун амалы. Түрмөнүн ичин жатка билгендигин далилдешти.

Биздин блокко атайын үн жазуучу камералар орнотулуп, 2 күндө бир сөзсүз тинтүү иштери болот. Түнкү саат 12де дагы жарандык кийим кийген атайын кызматтын кызматкерлери дагы келчү болду. Булар мындай кадамы менен түрмөдө дагы укуктарыбызды тебелеп жатышат.

3 айдан бери бир дагы тергөө боло элек

Шаардык сотто болгон отурумдун алдында гана 2022-жылдын 10-ноябрында экспертизага кетти деген материалдардын токтомуна кол койдурушту. Экспертизанын жыйынтыгы качан чыгат белгисиз. Жалгандан эмнени токушат? Аны алдыда билебиз.

Баарын сот эмес, президент чечет

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык, Конституциянын, жарандардын укуктарынын, эркиндиктеринин кепили болгон президент тергөө иши бүтө электе, соттун чечими жок эле, өзү бизди кылмышкер катары көргөзүп жатканы «баарын сот эмес, президент чечет», «тергөөчү, прокурор, сот — жөн эле куурчактар» дегендин далили.

Биз ошол күнү чогулушту [активист, саясатчылардын кафедеги кездешүүсү] түз эфирге эле койсок болмок экен. Чындап ал күнү жашыруун эч кандай сөз болгон эмес. Бизди каралап чыгарган аудио-жазуулар — монтаж. Кийин ошол аудиолорду таратып, бетке кармашууда.

Мынча болду мыйзамга өзгөртүүлөрдү тезинен киргизип, «бештен ашык киши чогулбагыла, бийликке кошомат гана кылгыла, ким бийлик башына келсе каалаганын кылат» деп өзгөртүшсүн. Албетте бул Конституцияда көрсөтүлбөгөнү менен бийликтин кыймыл-аракети ушундай эле болуп жатат.

Азыркы саясий куугунтуктар, депутаттардын жер кезип качып жүрүшү, эркин медиалардын басылмаларына чектөөсү, жабуу аракеттери буга далил. Ким ачык пикир айтса эле бул «революция» кылышы мүмкүн, даярданып жүрөт окшойт деп жоромолдоп камай берген акыл калчаган адамдын иши эмес.

Жарандык коом активдеше баштаганда, бийликтин тынчы кетип, элдин талабы күчөп баштайт. Бул жаман көрүнүш эмес. Тескерисинче, бийлик түрмөгө сүйрөбөй мыкты иштери, туура кадамдары менен ошол коом менен орток пикирге келип тынчтандырат. Мен биздин өлкөнүн активдүү жарандарынын биримин. Бийликтин туура эмес кадамдарын ачык сындап койсом: «Революция кылганы жатат», — деп камашты. Ачык пикирим абакка чейин алып келди.

Эркин медиаларга гана таянып калдык

Акыйкатчы институту, Кыйноолорду алдын алуу борборунан байма-бай келип турушат. Биз аларга датыбызды айтабыз, бирок маселени чечүү алардын колунан келбей жатканын биз деле билебиз. Өздөрү деле жакшы билишет. Депутаттар деле келип кетишкен. Баары эле баш ийкеп кетишет. Жыйынтык жок. Азыр биздин үнүбүздү жеткирип жаткан эркин медиаларга гана таянып калдык. Учурдан пайдаланып медиаларга ыраазычылык билдирем.

Көпчүлүгү күн тийген жердин күкүктөрү

[Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын укуктарынын сакталышын караган депутаттык комиссия] түзүлгөнү жакшы. Бирок буга чейинки депутаттык комиссиялардан бир дагы жыйынтык чыккан эмес. Курамында кимдер экенин көрдүм. 1-2 гана депутат таламыбызды талашпаса, көпчүлүгү күн тийген жердин күкүктөрү. Азчылык баары бир азчылыгын кылат. Формалдуу гана түзүлгөн депутаттык комиссия. Көпчүлүгү Кемпир-Абадды биргелешип башкарууну колдоп добуш бергендер. Кемпир-Абадды коргобогон, камакта жаткан бизди кантип коргошот?

Адилеттүүлүк үчүн күрөшүүнүн чыйыр жолун сөзсүз улантам!

Бүгүн саясий өлүктөрдүн бейити күндөн-күнгө өсүп кайда көмөрүбүздү билбей турганда биз өңдүү жаштар абдан керек. Бийлик саясий чыңалуунун айыккыс дартына кабылды. Дабасы бизде! Адилеттүүлүк үчүн күрөшүүнүн чыйыр жолун сөзсүз улантам!