Сот 13 жашар кызды жарым жыл зордуктаган милиционерлердин жаза мөөнөтүн кантип кыскарткан?

Бишкектин Свердлов райсотунун алдында өткөн балдарды коргоо митинги. Сүрөт: Алымбек Кенешов/ Kloop.

Эскертүү! Текстте сексуалдык зордуктоонун чоо-жайы чагылдырылган. Эгер андайды окуганга даяр эмес болсоңуз, сайттан башка макала карап окуңуз.

Бишкек шаардык соту 13 жашар кызды дээрлик жарым жыл зордуктап жүргөн эки милиционердин абак мөөнөтүн 15 жылдан 9 жана 6 жылга чейин кыскартты. Судьялар өз чечимин тергөө аларга «Зордуктоо» эмес, «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренеси менен айып таккан деп түшүндүрүп жатышат. Бул эки берененин айырмасы «мажбурлоо» күч колдонулбай болгонунда. Бирок жабыркаган кыздын көрсөтмөлөрү күч колдонулганын айгинелеп турат. Атасынын айтымында, кызы бир нече жолу жанын кыюуга аракет кылган. Кыздын ата-энеси судьялар пара алган деп ишенет. Судьялар болсо андай айыпты четке кагышууда.

Кулакчын уурдаганың үчүн жазалайбыз деп коркутуп, жарым жыл бою зордукташкан

Өспүрүм кыздын зордукталганы 2021-жылдын июль айынын башында белгилүү болгон. Кийин кыз 2021-жылдын августанан тартып сексуалдык кордук көргөнү аныкталган. Жабырлануучу кыз «Дордой» базары тараптагы конушта таенеси жана байкеси менен жашаган. Ал арада атасы Орусияда иштеп, апасы боору ооругандыктан стационарда жатып дарыланып жүрчү.

Кыздын айтымында, «Дордой» базарындагы дүкөндүн сатуучусу аны «кулакчын уурдоого» айыптап, 40 жаштагы жергиликтүү кароолчуга өткөрүп берген. Жабырлануучу кыздын атасынын айтымында, кызынын коркконунан пайдаланып кароолчу жана эки милиция кызматкери аны коркутуп, бири-бирине жана башка адамдарга берип бир нече ай бою зордукташкан. Алардын арасында Ош базарынданы мейманкалардын биринде официант болуп иштеген 2003-жылкы бала болгон.

2022-жылы февраль айынын аягында, журналист Адыл Акжол уулу Фейсбук барагына 13 жашар кызды беш ай бою зордуктап жүргөн кишилер тууралуу пост жарыялаган. Март айынын башында аталган иш боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБнин аймактык тескөөчүсү, 34 жаштагы кири кармалганы белгилүү болгон. Айдын орто ченинде дагы бир милиционер кармалган — ал 39 жаштагы Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин жашы жете электер менен иштөөчү инспектору болуп чыккан. Бул ишке байланыштуу жалпы төрт киши кармалган.

2022-жылдын 30-августунда Бишкектин Свердлов райондук соту кароолчуну 10 жылга эркинен ажыратып, ал эми эки милиционерди — 15 жылга жалпы колониялык режимге кескен. Официант дагы Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан 8 жылга кесилген. Ошондой эле сот айыпталгандардын ар бири жабыркаган тарапка моралдык зыян катары 100 миң сомдон төлөп берет деген токтом чыгарган.

Бирок соттолгондордун экөө аппеляциялык арыз берип, 2023-жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту милиционерлердин жаза өтөө мөөнөтүн кыскарткан. Натыйжада милицонерлердин бирин 6 жылга, экинчисин 9 жылга соттогон өкүм чыгарылган. Ал эми милицияда иштебеген базардын кароолчусунун 10 жылдык жаза мөөнөтү ошол эле бойдон калган.

Пара алган жокпуз, маселинин баары Жазык кодексинин редакциясында болуп жатат

Ушундай олуттуу кылмыш боюнча жаза мөөнөтүнүн кыскартылганы көпчүлүктүн кыжырын келтирди. Кыздын атасы соттун акыркы чечими сатып алуунун натыйжасы деп ишенет.

Коомчулукта бул чечим кызуу талкуу жараткандыктан Бишкек шаардык сотунун судьялары 16-январда басма сөз жыйынга чогулуп, айрым маалымат каражаттары мурдагы милиционерлерге карата жеңил жаза берилгенин «туура эмес чечмелешти» деп билдиришти. Бирок судья Мирад Динеевдин алардын жаза мөөнөтү эмне үчүн кыскартылганын түшүндүрүү аракети жаңы суроолорду гана жаратты.

«Квалификация мындай делет, — дейт Динеев. — “14 жашка чыга элек балага карата жасалган зордуктоонун белгилери болбогондо, шантаж кылуу жолу менен же болбосо жабырлануучунун материалдык же башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка же сексуалдук мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга мажбурлоо”. Башкача айтканда, анын “Зордуктоо” беренесинен айырмасы бар [...] Бул кылмыш 2021-жылы, башкача айтканда, жаңы Кылмыш-жаза кодекси күчүнө киргенге чейин жасалган. КР Жазык кодексине ылайык, айыпталуучунун абалын оорлотуп же жеңилдеткен мыйзамдын артка иштөө күчү жок. [...] [Судьялар жаңы чечиминде] кылмыш жасалган учурда күчүндө турган мыйзамды колдонушкан», — деди судья.

Анын айтымында, биринчи инстанциянын соту ишти Жазык кодексинин эски редакциясындагы «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо» беренесине кайрадан квалификациялашы керек болчу, бирок башка беренени колдонгон — «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер».

«[Ошону менен] айыпталуучулардын абалы биринчи инстанциядагы сот тарабынан оорлотулуп, катаалыраак жаза берилген. Экинчи инстанциядагы сотто биз апелляциялык арыз боюнча ишти милдеттүү түрдө карап, биринчи инстанциядагы сот чыгарган чечимдин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерүүгө укуктуубуз. Биз ушул ишти кылдык. Биз болгону иштин квалификациясына берип, ушундай чечим чыгардык», — деди ал.

Динеев бул иш боюнча соттолгон «Дордой» базарынын кароолчусу биринчи инстанциянын чечимине аппеляция бербегенин, ошондук милиционерлердин гана жаза мөөнөттөрү кыскартылганын кошумчалады.

Судья сексуалдык зомбулуктан жапа чеккен кыздын ата-энесинин сот кызматкерлери милиционерлердин жазасын жеңилдетүү үчүн пара алган деген билдирүүсүн дагы четке какты.

Татьяна Зеленскаянын «Открытая линия» коомдук фонду үчүн иллюстрациясы.

Эки соттун чечими эмне үчүн суроо жаратат?

Шаардык соттун судьясы Динеев эмне үчүн райондук сот милиционерлерди «Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер» беренеси боюнча айыптай алмак эмес деп эсептейт? Бул суроо ачык бойдон калды. Себеби андай аракеттер чын эле болгон да. Кыз 13 жашта гана болчу — азыр дагы 16 жашка толо элек.

Анысы аз келгенсип, жабырлануучунун көрсөтмөлөрүнө таянсак, биринчи инстанциянын соту дагы милициянын мурдагы кызматкерлерине жумшактык кылган. Себеп дегенде зордуктоонун алдында баланын колун кайрып жатышат демек, бул дагы күч колдонуп зордуктоо да. Ал эми күч колдонуу болгон соң, демек, сөз башка кылмыштын курамы жөнүндө болот — бул зордуктоо.

Бирок, Бишкектин Свердлов райондук соту милиционерлерди «Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоого» үчүн, башкача айтканда, күч колдонуу менен байланышы жок аракеттер үчүн соттогон. Ал эми «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен гана бул райондук судьяларга кылмышкерлерди чындап эле олуттуу мөөнөткө — 15 жылга кесүүгө мүмкүндүк берген.

Бул кылмыштын оордугу кыйла чоң. «Кызым мектепте экинчи сменде окуйт, — деп айтып берген кыздын апасы. — Сабактан кечинде чыгат. Алар мектептен чыкканда эле тосуп туруп, машинасына салып кетишчү экен. "Барбайм чыкпайм" десе, "камалгың келип жатабы" деп коркутушчу экен. Прокуратуранын тергөөчүсүнө кызым өзү зордукталган жерлердин баарын биздин көзүбүзчө көрсөтүп берди. Базардын четиндеги айланма жолдо, таштанды полигонунда, кулпунай айдалган талаада, вулканизациянын артында...Акмактар, балапанымдын канатын кайрышты... Жашабагырлар, өздөрүндө да кыздары бар экен, кантип ушуга барышты?»

Oasis коомдук фондунун башчысы Мээрим Осмоналиеванын пикиринде, судьянын мындан да катаал, «Балдарды соодалоо» беренесин колдонууга толук негизи бар болчу.

«Клиникалык психологдун консультациясында жабыркаган кыз кылмышкерлердин бардыгы, анын ичинде укук коргоо органдарынын өкүлдөрү да үч колдонуп зордуктап, жок кылабыз деп коркутушту деп көрсөтмө берген. Алар аны колун кайрып алып машинада, киши жок жерлерде, мейманканаларда зордукташкан. Тилекке каршы, биздин системада “Балдарды соодалоо” деген түшүнүк өнүккөн эмес. Судья баарына тең Жазык кодекстин “Балдарды соодалоо” беренеси менен айып тага алмак, себеби зомбулук тыннымсыз болгону, сексуалдык пайдалануу болгону көрүнүп турат», — дейт ал.

Система өзү адамдарын кантип коргойт?

Укук коргоо органдарынын системасы өз адамдарын коргоого аракет кылган учурлар аз эмес. Мисалы, УКМК дээрлик эки жылдан бери Айзада Канатбекова уурдалганда шалаакылыкка жол берген милиционердердин иш-аракетин иликтеп бүтө албай жатат. Канатбекова аны уурдаган адамдын колунан милиция бөлүмүндө каза тапкан.

Канатбекова киши колдуу болгондон кийин Бишкек ШИИБдин башчылыгынан алынган Бакыт Матмусаев жакында эле кайрадан укук коргоо органдарына кайтып келгени белгилүү болгон. ИИМдин басма сөз кызматынан «Клоопко» Матмусаев учурда ИИМдин курамындагы «Шумкар» атайын отрядынын командири экенин билдиришкен.

Бакыт Матмусаев менен Садыр Жапаров 2022-жылдын 29-декабрында ИИМдин Ички аскерлеринин кызматкерлери үчүн жаңы казарманын ачылышында. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Марлис Асанов дагы бүгүнкү күнгө чейин укук коргоо органдарында иштеп жатат. Ал 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызы милиция бөлүмүндө киши колдуу болгондон кийин 2018-жылы Чүй ОИИБнин башчысынын орун басарлык кызматынан алынган. Бурулай дагы Айзада Канатбековадай эле мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдалган. Жакында эле Асанов Ош ШИИБнин начальниги болуп дайындалган.

Авторлор: Мундузбек Калыков, Виктор Мухин