13 жашар кызды зордуктоо үчүн соттолгон эки милиционердин жаза мөөнөтү кыскартылды

Бишкек шаардык соту 13 жаштагы кызды зордуктоо үчүн соттолгон эки милиционердин абак мөөнөтүн кыскартты. Маалыматты «Клоопко» адвокат Тимур Султанов ырастады.

«Соттук коллегия биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарып, акыркы жазаны дайындады: бир милиция кызматкерине — 6 жыл, экинчисине — 9 жыл берилди. Үчүнчү айыпталуучунун, “Дордой” базарынын кароолчусуна чыгарылган өкүм күчүндө калтырылды», — деп билдирди Султанов.

Адвокат абак мөөнөтүн кыскартуу эмнеге байланыштуу экенин билбесин, себеби колуна өкүмдүн токтомун ала электигин белгиледи.

Материал жарык көрөр алдында Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Секелектин зордукталышы

Бишкектин Свердлов райондук сотунда 2022-жылдын 30-августунда 13 жаштагы кыздын эки милиционер жана базардын кароолчусу тарабынан зордукталышы боюнча козголгон кылмыш ишин териштирүү аяктаган.

Анда кароолчу 10 жылга, ал эми эки милиционер 15 жылга эркинен ажыратылган. Ошондой эле үчөө тең жабыркаган тарапка моралдык зыян үчүн кенемте катары ар бири 100 миң сомдон төлөп бере турган болгон. Андан тышкары, милицонерлер абактан чыкккандан кийин үч жыл бою кандайдыр бир кызматка бара алышпайт.

Өспүрүм кыздын зордукталганы 2021-жылдын июль айынын башында белгилүү болгон. Кыздын атасынын айтымында, кызына карата зомбулук 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин созулган.

Ошондой эле, зордуктоо ишинде Ош базарындагы мейманканалардын биринде иштеген официант дагы шектүү катары өткөн. Анын иши боюнча тергөө аяктап, материалдары сотко өткөн.

Тема боюнча окуңуз: 13 жашар кызды зордуктаган милиционерлер 15 жылга кесилди