ИИМ: Экс-депутат Саматбек Ибраевдин издөөдө жүргөн уулу кайрадан Болгариядан кармалды

Саматбек Ибраев жана анын уулу Данияр.

Экс-депутат Саматбек Ибраевдин уулу Данияр Ибраев 18-январда Болгариядан кармалды. Ал «өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка» шектелип Интерпол тарабынан издөөдө жүргөн.

ИИМден билдиришкендей, «металлист» каймана аттуу Ибраевдин үстүнөн 2019-жылы Бишкек ШИИБи кылмыш ишин козгогон. Ал ири курулуш компанияларынын жетекчилеринин ишенимине кирип, курулуш обьекттерине материалдарды ташып берүүнү убадалап, бирок аларды 19 млн 821 000 АКШ долларына алдап кеткен.

2020-жылдын февралында ага Интерпол аркылуу эл аралык издөө жарыяланып, көп өтпөй Болгариянын София шаарынан кармалып камакка алынган.

Андан кийин Ибраев аппеляциялык даттануу келтирип, үй камагына чыккан. 2022-жылдын май айында, Болгариянын Варна шаарынын райондук соту анын бөгөт чарасын камак түрүнө өзгөрткөн.

Шектүү ошол учурдан бери дайынсыз болуп, 18-январда кайрадан кармалды. ИИМден учурда аны Кыргызстанга экстрадициялоо боюнча иш-чаралар жүрүп жатканын белгилешти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Болгарияда кармалган депутаттын уулун экстрадициялоо процесси башталды