Кемпир-Абад иши: Сот активист Токтонасыровго абактагыларды колдоп митингге чыкканы үчүн айып салды

Бишкектин Биринчи май райондук соту активист Өндүрүш Токтонасыровго Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды бошотууну талап кылган митингге катышканы үчүн 3 миң сом айып салды. Бул тууралуу Токтонасыров «Азаттыкка» курган маегинде билдирип, Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрыларын кошумчалады.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды колдоо митинги

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды колдоо митинги 10-январда өткөн. Кармалгандардын акцияга чогулган туугандары жана тааныштары жөө жүрүшүн ИИМдин алдынан башташмак.

Бирок милиция акция башталганга чейин эле ИИМдин алдында митинг кылууга болбостугун билдиришкен. Алар буга үч себепти келтиришкен: Горький атындагы гүлбактан башка бардык жерде митинг өткөрүүгө тыюу салынган, ИИМдин имараты — стратегиялык объект, имараттын алдында аскерлердин саптык текшерүүсү өтмөк.

Акциянын катышуучулары макул болуп, плакаттарын алып Горький паркына бет алышкан. Плакаттарга камактагылардын сүрөттөрү жана аларды бошотуу талаптары түшүрүлгөн. Ал эми милиционерлер плакаттарды алууну талап кылышкан.

Митингчилер Жогорку соттун имаратына жеткенде ИИМ кызматкерлери 30дай кишини кармап, Биринчи май РИИБне алып кеткен.

Кийинчерээк адвокат Чынара Жакупбекова милиционерлер кармалгандардан түшүнүк кат алып, коё беришкенин билдирген.

Милициянын маалыматына ылайык, «Тынч чогулуштарды өткөрүү тартибин бузуу» жана «Ички иштер органдарынын кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө» беренелеринин негизинде протокол түзүлгөн. Митингге чыккан беш кишинин иши сотко өткөрүлгөн.