Нурсултан Назарбаевдин жүрөгүнө операция жасалды

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев жүрөгүнө операция жасатты. Бул тууралуу 20-январда анын басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.

Анын айтымында, операция ийгиликтүү өттү жана Назарбаевдин өмүрүнө коркунуч жок.

«Азыр ал дарыгерлердин көзөмөлүндө. Операция Улуттук илимий кардиохирургиялык борбордо белгилүү кардиохирург Ю.Пянын кол алдында өттү», — деп жазды Укибай Твиттерге.

Буга чейин соцтармактарда жана жергиликтүү маалымат каражаттарында Назарбаев ооруканага түшкөнү айтылган.

Нурсултан Назарбаев Казакстан эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнүн алмашкыс президенти болгон. 2019-жылдын июнунда гана Назарбаевдин орду Касым-Жомарт Токаевге өткөн.

Назарбаев президенттиктен кеткени менен эбегейсиз таасири кала берген, себеби ал Улуттук коопсуздук кеңешинин башчысы болуп турган. Бирок бул жагдай 2022-жылдын январында өлкөнүн бардык аймагында болгон массалык нааразычылыктардан кийин өзгөргөн.

Дагы окуңуз: Касым-Жомарт Токаев: Кимде ким багынбаса — жок кылынат