Эсеп палатасы: Өткөн жылы мамлекеттик органдарда 28 миллиард сомдук мыйзам бузуулар катталды

Алмазбек Акматов

2022-жылы мамлекеттик органдарда жалпы суммасы 28 миллиард сомго мыйзам бузуулар катталды. Бул тууралуу минкабдын 21-январдагы жыйынында эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов билдирди.

Анын айтымында, каражаттын бардыгы негизсиз сарпталган. Азыркы тапта коромжу болду делген каражаттын 18 миллиард сому бюджетке кайтарылды.

Ошондой эле Акматов эсептөө палатасында 206 адис иштеп жатканын белгилеп, аудитордук иштин көлөмүн жогорулатуу үчүн кошумча кадрларды ишке алуу зарыл экенин кошумчалады.

Бүгүн «Ала-Арча» резиденциясында минкабдын башчысы Акылбек Жапаров жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери менен республикалык кеңешме өткөрүүдө. Жыйын кечээ, 20-январда башталган.

Буга чейин, 14-январда эсептөө палатасы «Кыргыз темир жолу» ишканасындагы, Транспорт министрлигиндеги жана Бишкек шаардык мэриясындагы каржылык мыйзам бузууларды аныктаган.

«Кыргыз темир жолу» ишканасындагы мыйзам бузуунун кесепетинен мамлекетке 1 миллион 227 миң 609 сом зыян келтирилген.

Ал эми Бишкек шаардык мэриясындагы мыйзам бузуунун кесепетинен мамлекет 1 миллион 533 миң 574 евро зыян тарткан.

Транспорт жана коммуникация министрлигиндеги мыйзам бузуунун жалпы өлчөмү 52 миң 594 доллар деп бааланган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Эсептөө палатасы бир нече мамлекеттик органда каржылык мыйзам бузуу болгонун аныктады