Киргшёлктогу үч аялдын өлүмү: Жогорку сот айыпталуучуларды актоо өкүмүн күчүндө калтырды

Жогорку сот Ысык-Ата районунун Киргшёлк айылындагы үч аялдын өлүмүнө айыпталгандарды актоо өкүмүн күчүндө калтырды. Бул маалыматты «Клоопко» соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Өкүмдө айыпталуучулар: Александр Лебедев, Евгений Шулик, Илья Пудовкин, Николай Куликов, Артем Гогин жана Эльдар Белоусов иште кылмыштын курамы жок болгондуктан акталганы айтылды.

Аны менен катар, Жогорку сот буга чейинки инстанциядагы соттун корутундусун өзгөртүп, кылмышты жасаган чыныгы айыпкерлерди табуу талабы менен ишти 18-январда Башкы прокуратурага жөнөткөнү кабарланды.

2016-жылы Чүй облусундагы Киргшёлк айылындагы үйлөрдүн биринде үч аялдын сөөгү табылган. Анда ЖМКлар маркумдар эже-сиңдилер, ал эми үчүнчүсү алардын биринин кош бойлуу кызы экенин маалымдашкан.

Ошондой эле, ЖМКлар судьялар алмашып, экспертизалар дайындалгандыктан соттук отурумдар бир канча жолу жылдырылганын жазышкан. Анткен менен, кармалгандар кылмышка катыштыгын мойнуна алышкан эмес.

Иш сотто каралып, бардык инстанцияда айыпталуучулардын аракетинде кылмыштын курамы жок деп табылган.

Негизги бетке АКИpress'тин архивдик сүрөтү колдонулду.

Тема боюнча:

Киргшёлктогу үч аялдын өлүмү: Айыпталуучулар акталып чыкты