Кыргыз мушкерлери Азия чемпионатында (U-22) жети коло медалга ээ болушту

Тайланддын Бангкок шаарында өткөн 22 жашка чейинки спортчулардын арасындагы Азия чемпионатында кыргыз мушкерлери жети коло медаль утушту.

Үчүнчү орунду Ислам Торобаев (54 кг), Аскат Култаев (63,5 кг), Ихтияр Нишонов (67 кг), Нурадин Рустамбек уулу (71 кг), Нурсултаев Болотбаев (86 кг), Бакыт Токтосун уулу (92 кг) жана Ооматбек Элчоро уулу (92 кг жогору) жеңип алышты.

Бокс боюнча Азия чемпионатына (U-22) Кыргызстандан 12 спортчу барган.

Мушкерлер чемпионатка жөнөп жатканда чыр чыккан. Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Спорт департаменти спортчуларды Таиланддагы турнирге жибере албаганын айтып чыккан. Депутаттын айтымында, өткөн жылдын ноябрь айында ага спортчулар кайрылып, каржылык колдоо сурашкан. Эл өкүлү спортчуларды чемпионатка жиберүү үчүн акча алмаштыруучу жайлардан 6 миң доллар карыз алууга туура келди деп айткан.

Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Канат Шабданбаев Финансы министрлиги мекемени каржылоону кеч баштаганын, мындай көйгөй ушундан улам чыкканын билдирген.