Экономика министрлиги коррупцияга каршы күрөшүү максатында мамлекеттик кызматкерлер үчүн чектөөлөрдү киргизүүнү сунуштап жатат. Мисалы, жубайына же жакын туугандарынын бизнесине жардам кылууга, ошондой эле алардын компаниялары менен мамлекеттин атынан келишим түзүүгө тыюу салуу.
Бирок кызыкчылыктар кагылышы жана мамлекеттик кызмат жөнүндө өлкөдө ансыз да бар жана алар тийитштүү түрдө иштебейт дейт Борбор Азиядагы коррупция жана кирешелерди адалдоо маселелерин изилдөө институтунун эксперти Атай Алмаз уулу.
Экономика министрлигинин коррупцияга каршы күрөшүү жөндө мыйзам долбоору 23-январда парламенттин бюжет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин биринчи окуусунда колдоо тапты.
Документте мамлекеттик кызматкерлер үчүн төмөнкүлөр тыюу салынат:
- жеке өзү, ишенимдүү же аффилирленген жактар аркылуу ишкердик кылууга;
- саясий партияларды, бирикмелерди түзүүгө жана расмий иш убактысында алардын ишине катышууга;
- пайдаларды жана артыкчылыктарды алуу үчүн расмий жайылтууга жатпайт деген кызматтык маалыматтарды пайдаланууга;
- аткарган иши үчүн белектерди алууга;
- аффилирленген адамдардын жеке кызыкчылыктарын түздөн-түз козгогон маселелерди чечүү үчүн өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланууга;
- жубайы же жакын тууганынын жетекчилиги алдында мамлекеттик кызматта иштөөгө;
- шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда административдик ресурсту же кызмат абалынан пайдаланууга;
- жеке жана юридикалык жактардын каражатынын эсебинен кызматтык, анын ичинде чет өлкөлүк сапарларга чыгууга;
- жакын туугандарына кызмат абалынан пайдалануу менен ишкердик ишин жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүгө;
- жетекчилери аткаминердин жакын туугандары болгон компаниялар менен мамлекеттин атынан келишим түзүүгө.
Мыйзам долбооруна ылайык, аталган пунктарды бузуу үчүн аларда кылмыштын курамы жок болсо да кызматтан алууга чейин жеткен тартиптик чаралар колдонулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын кызматкерлери менен жетекчилери банкта жеке эсебин ачкандан кийин үч күндүн аралыгында бул тууралуу салык кызматына кат жүзүндө билдирүүгө, салык декларациясын тапшырууга жана өзүнө же жакын туугандарына сатылып алынган мүлктү алууга акча кайдан келгенин ачыктап берүүгө милдеттүү.
Ошондой эле долбоордо коррупцияга каршы күрөшүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын өркүндөтүү үчүн президентке караштуу консультациялык-кеңеш берүүчү орган түзүлүшү мүмкүн экени айтылат. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, маморгандар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, бизнес-акыйкатчы, бизнес коомчулуктун, жарандык коомдун жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү кире алат.
Конкреттүү механизмдер жок
Алмаз уулу Экономика министрлигинин мыйзам долбоорун «анык эле декларативдүү» деп атады, себеп дегенде анда сунушталып жаткан жаңы тыюуларды колдонуунун конкреттүү механизмдери жок.
«Кайра баштан “велосипед” ойлоп тапкан эмне кажет? [Мамлекеттик кызматкерлердин] кызыкчылыктар кагылышы жөнүндөгү мыйзам 2019-жылдан бери эле бар, бирок тийиштүү деңгээлде аткарылбайт. Коррупция фактылары тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө мыйзам да бар. Мамлекеттик кызмат жөнүндөгү мыйзамда дагы ушундай эле ченемдер эбак эле бар болчу, бирок аткарылбайт».
Эксперттин айтымында, Кыргызстанда коррупцияга каршы багытталган мыйзамдардын көбү аткарылбайт, себеби адатта мекемедеги коррупция тууралуу билдирген кызматкерди иштен алып тынышат. Эксперт күбөлөрдү коргоо механизми керек, Кыргызстанда андай механизм бар экенин бир да жолу укпаганын айтат.
Борбор Азиядагы коррупция жана кирешелерди адалдоо маселелерин изилдөө институтунун өкүлү бийлик бузууларды кантип аныктап, аны кантип далилдерин түшүнбөй жатканын да кошумчалады.
«Конкреттүү түрдө кандай жаза болору — түшүнксүз. [Ал] тандалма жана адилетсиз болушу ыктымал, аны да коррупциялык тобокелдик катары караса болот: кызматкердин бирин комиссия аркылуу иштен алып, башкасына ошол эле жоруктар үчүн сөгүш жарыялап коюшу мүмкүн», — деп жыйынтыктады сөзүн эксперт.
Оффшор, тендер жана тууганчылык
Өлкөдө иликтөөчү журналисттер жооптуу кызматтагы аткаминерлердин туугандарынан декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлк жана компанияларды далай эле табышкан. Мисалы, 2021-жылы «ПолитКлиника» басылмасы минкабдын азыркы төрагасы Акылбек Жапаровдун туугандарынын оффшорлорунда Кыргызстанда кымбат мейманканаларды башкарган мальталык фирмалары бар экенин аныкташкан.
Ири аткаминерлер менен саясатчылар жубайларына, балдарына жана башка туугандарына таандык коммерциялык компаниялардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөгөн учурлар да кездешет. Алсак, парламенттин экс-депутаты Абдимуктар Маматовдун үй-бүлөсү 2015-2020-жылдары тендерден жана мамлекетке мунайды түз жеткирип берүүдөн миллиард сом пайда көргөн.
Президенттин демилгелерин колдоп чоң кызматка жеткендер дагы бар. Алсак, Temirov Live’дын журналисттери Азамат Мукашев дагы «Бишкек машина куруу заводунун» директору кызматына ушундай эле жол менен жеткенин аныкташкан. Ал эми президенттик администрацияда өлкө башчысынын кудаларынын жана анын ишенимдүү адамдарынын балдары иштейт.
Бийлик, айрыкча президент Садыр Жапаров коррупцияга каршы күрөш күчөгөнүн бир нече жолу билдирген. Бирок ошол эле маалда, экспертердин пикиринде, коррупционерлерге кылмыштуу кирешелерин адалдоого жардам бере турган мыйзамдар демилгеленүүдө.
Дагы окуңуз: Мунай магнат Маматовдордун үй-бүлөсү тендер мыйзамдарын кантип буйтап өтүүдө?
Тыянагы белгисиз тендерлер. Бюджетке таандык 56 млрд сом кандайча жоголду?