Temirov Live: Президенттик администрацияда жооптуу кызматтагы чиновниктердин балдары иштейт

Садыр Жапаров 2021-жылы президенттикке талапкер кезинде маалымат жыйын куруп, өзүнүн да, башка аткаминерлердин да тууган-уруктарына мамлекеттик башкарууга аралашууга жол бербесин убадалаган. Temirov Live’дын иликтөөчү журналисттери президенттин администрациясында Жапаровдун кудасынын жана анын ишенимдүү адамдарынын балдары иштеп жатканын аныкташты.

«Бул президенттин эки жылдагы ишмердүүлүгүндөгү эле көрүнүш», — дешет журналисттер өз иликтөөсүндө.

Ошондой эле, журналисттер 2022-жылдын сентябрынын аягында алар президенттин администрациясында Жапаровдун карындашы — Перизат Жапарова иштеп жатканын далилдешкенин эске салышты. Перизат Жапарова — өлкө башчысынын бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун кызы.

2022-жылдын мартында Temirov Live’дын журналисттери Эсептөө палатасын бир жылдан бери президенттин кудасы Алмазбек Акматов жетектеп жатканын аныкташкан.

Мындан тышкары, Factchek.kg’нин журналисттери дагы президенттин башка кудалары, Таштанбек Каймазаров, Айдар Адылбеков жана Турусбек Тумөнбаев жөнүндө иликтөөлөрдү жасашкан.

Дагы окууңуз: Садыр Жапаровдун кудасы Мамлекеттик миграция кызматын жетектейт — Factcheck

Садыр Жапаров бийликке келгенден тарта кызмат алган «мекенчилдер»