Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруунун жол картасына кол койду

Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери. Сүрөт: КРнын Энергетика министрлиги

6-январда Энергетика министрлигинде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлеринин жолугушуусу болуп, анда Камбар-Ата-1 ГЭСтин курулушу боюнча жол картасынын макулдашуусуна кол коюлду. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуунун алкагында тараптар «Камбар-Ата-1» ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруудан биринчи үч өлкөгө тең калыс жана пайдалуу болушу үчүн талкуу өткөрүштү.

Аны менен катар ведомстводон «Камбар-Ата-1» ГЭСин ишке киргизүүнүн болжолдуу мөөнөтү техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккандан кийин аныкталарын маалымдашты.

«“Камбар-Ата-1” ГЭСти куруу коңшу үч өлкө үчүн пайдалуу, өзгөчө Кыргызстан үчүн десек болот. Себеби, биздин өлкө электр энергиясын импорттобой, экспорттогон өлкөгө айланышы керек. Эгерде коңшу өлкөлөр менен чогуу “Камбар-Ата-1” ГЭСти куруп алсак, биздин мамлекетте электр энергиясына болгон тартыштык бир топ жоюлат», — деп билдирди министр Таалайбек Ибраев.

Ошондой эле ал учурда «ГЭСти курууга даярдыктар башталганын, атап айтканда, жол, көпүрө салуу, электр линияларын тартуу, куруу аянтчалары камсыздалып жатканын» айтты. Ал эми ГЭСтин кубаттуулугу 1860 МВт болорун кошумчалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстан менен Казакстандын делегациялары биргелешкен ишкана түзүүнү толук колдой турганын билдиришти.

Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушу

2022-жылдын июнунда Жалал-Абад облусунда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу башталган. Иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан.

Ошол кездеги Энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев журналисттерге Камбар-Ата-1 ГЭСинде жалпы төрт агрегат иштей турганын, биринчисин 2028-жылы ишке киргизүү пландалып жатканын белгилеген.

Мындан тышкары, Бекмурзаев бүгүнкү күндө Камбар-Ата-2 ГЭСинде бир агрегат иштеп жатканын, экинчи агрегатты 2024-жылдын аягында ишке киргизүү пландалып жатканын айткан.

Кийинчерээк, 2022-жылы 13-сентябрда, Башкы прокуратура Бекмурзаевге мамлекетке 1 млн сом зыян келтиргени үчүн эки кылмыш ишин козгогон. Андан соң ошол эле жылы октябрь айында кызматынан бошотулган.

2022-жылдын сентябрь айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «бийликтин эң ири долбоору болгон Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушунун башталганын жана анын баасы 3 млрд доллардан 6 млрдга өскөнүн» билдирген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Акылбек Жапаров: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 3 млрд доллардын ордуна 6 млрд жумшалат

Хронология: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну ушуну менен үчүнчү президент убадалады

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматынан бошотулду