Ноокат: Бала бакчанын ашканасынын санитардык абалы боюнча айыл өкмөт башчысы түшүндүрмө берди

Соцтармактарда Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтүндөгү бала бакчанын ашканасында тартылган видео тараган. Анда ашкананын санитардык абалы начар экени сынга алынган. 25-январда бул боюнча аталган айыл өкмөт башчысы Майрамбек Нурматов түшүндүрмө берди.

«Ным, жагымсыз жыт, чачылган идиштер»

Видеонун автору бакчанын ашканасындагы «жытка чыдап болбой турганын» айткан. Ал тамак жасалган идиштердин жерде турганын көрсөтүп, имарат нымдашып кеткенин белгилеген.

Ал эми Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн башчысы Майрамбек Нурматов бала бакчанын ашканасы жоктугуна байланыштуу аталган имарат убактылуу ашкана катары пайдаланылып келгенин билдирди. Ал окуя боюнча акт түзүлгөнүн айтып, «жакын арада чара көрүлөт» деп убадалады.

«Чындыгында дубалдын көгөрүп кеткен жыты бар. Ал эми тамак- аштын калдыктары түштөнүү убагында балдарга тамак берилгенден кийинки жумуш процесси болгон. Калдыктарды тазалоо, чогултуу, идиш- аякты жууп тазалоо иштери жүрүп жаткан. Бала бакчага ашкана куруу боюнча быйылкы планга киргизилген», — деп белгилешти айыл өкмөттөн.

Автору: Аида Турсуналиева

ТЕМА БОЮНЧА:

Элдик Курултай: Садыр Жапаров делегаттардан мектеп, бала бакча маселесин козгобоону суранды