Элдик Курултай: Садыр Жапаров делегаттардан мектеп, бала бакча маселесин козгобоону суранды

Президент Садыр Жапаров Элдик Курултайдын 26-ноябрдагы экинчи күнүндө делегаттардан «мектеп менен бала бакча маселесин козгоп, убакытты кетирбөөнү» өтүндү.

Жапаров бул маселе бийликтин көңүл чордонда экенин айтып, эки-үч жыл аралыгында «бардык айылдагы мектептер жаңыланат» деп убадалады.

Президент курултайдын катышуучуларын мектеп, бала бакча көйгөйүн айткандын ордуна өлкөнү өнүктүрүү боюнча сунуш берүүгө үндөдү.

«Кечээ сүйлөгөндөрдүн көпчүлүгү мектептер жөнүндө, бала бакча, маданият үйлөрү жана спорт залдар боюнча суранбадыбы. Бүгүн сүйлөчү кишилер ушул нерселерди кеп кылбай эле башка көйгөйлөрдү айтып, анан сунуштарды берсеңиздер. Себеби, мектептер менен бала бакчалар эң биринчи биздин көңүл чордонубузда. Биз кайсы айылдын мектебин жаңыртыш керек экенин билебиз. Мен келгенде 247 айылда мектептер жараксыз болчу. Аларды четинен бүткөрүп отуруп азыр 200 мектеп калды», — деди ал.

Мектеп көйгөйү жана президенттин ашырып айтуусу

Буга чейин президент калаанын Тунгуч кичи районунда 550 орундуу «жаңы мектептин» ачылышына катышкан. Бирок ал жаңы мектеп эмес эле, буга чейин иштеп келген №73 мектептин кошумча корпусу болуп чыккан.

Анда Жапаров «2019-жылы Кыргызстанда 247 мектеп авариялык абалда болсо, анын баарын куруп бүтүп, 80ден ашыгы гана калганын» айткан. Бирок Билим берүү министрлиги «Клоопко» чынында өлкөдө 200дөн ашык авариялык абалдагы мектеп бар экенин билдирген.

Министрликтин басма сөз кызматы 245 авариялык мектептин болгону 29у жаңыланганын белгилеген — 2020-2022-жылдар аралыгында 27 мектеп курулуп, эки мектеп оңдоодон өткөрүлгөн.

Ал эми кошумча корпустар жаңы мектеп деп биринчи эле жолу айтылып жаткан жок.

Апрелдин аягында президент бир жарым жылдан бир аз ашык убакыт аралыгында — 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын апрелине чейин — өлкөдө 68 мектептин курулушу аяктаганын, алардын баары республикалык бюджеттин эсебинен курулганын билдирген.

Бирок «Клооп» жана «Дата мектеп» Жапаровдун айткандарын текшерип көрүүнү чечкен — президент аталган аралыкта курулган мектептердин санын жымсалдап айтканда көбөйтүп койгон.

68 мектептин 18и жаңы мектеп эмес болуп чыккан. Алардын 10у — пайдаланылып жаткан мектептин кошумча корпустары, жетөө — иштеп эле жаткан окуу жайлардагы жаңы спортзалдар. «Жаңы мектептердин» тизмесине бир откана дагы кирип калган.

Кыргызстанда мектептерге байланышкан маселе курч бойдон калууда. Биринчиден, окуучулардын саны абдан көп — бир партада үчтөн отурган учурлар кездешет. Экинчиден, пайдалануудагы мектеп имараттары көбүнесе авариялык абалда.

Мындан үч жыл мурда, 2019-жылы, өкмөттүк жумушчу топ өлкөдөгү авариялык мектептердин санын эсептеп чыккан — 245. Жумушчу топтун корутундусуна ылайык, аларды сүрдүрүп салуу керек, себеби окуучулардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурат, ал эми ордуна жаңы имараттар курулууга тийиш.

Бирок мектептердин эски имараттары оңдолуп-түзөлүп же жаңысы курулганга чейин тез эле жараксыз абалга келип калат. Июлда Акылбек Жапаров бийлик өлкөдөгү билим берүүгө бир млдрд акш долларын инвестициялоого макул боло турган инвесторду табууга үмүттөнөөрүн билдирген.

Тема боюнча:

80ден ашуун эмес — 216 авариялык мектеп, жаңы — эскинин корпусу. Президенттин математикасы

Садыр Жапаров 68 мектеп курулду деп ашырып айткан