УКМК: Мамбюджетке 52 млн сомдон ашуун зыян келтирүүгө шектелген салык кызматкери кармалды

УКМК 25-январь күнү кызмат абалынан кыянат пайдаланууга шектеп Мамлекеттик салык кызматынын өкүлүн кармады. Анын кылмыштуу аракетинин натыйжасында мамбюджетке ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылды.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран салык органдарына башка бир адамды жеке ишкер катары жасалма каттоодон өткөрүп, андан соң анын атынан көмүскө экономикалык иштерди жүргүзгөн.

Атайын кызматтын басма сөз борборунан, бюджетке келтирилген зыяндын болжолдуу өлчөмү 52 млн 870 миң сом экенин кошумчалашты.

Учурда «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ушул тапта кылмышка тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

Буга чейин Кемин райондук билим берүү бөлүмүндө да бюджеттик каражаттарды уурдо боюнча кылмыш иши аныкталган.

Анда, райондук билим берүү мекемесинин жооптуу кызматкерлери алыскы аймактардагы орто мектептердин мугалимдерине кабарлабай туруп, алардын атынан банктык эсептерди ачышкан. Муну менен алар ири каражаттарды чыгарып келгени айтылган.

Жыйынтыгында мамлекетке келтирилген зыяндын өлчөмү 10 млн сомду түзгөн.

Тема боюнча:

УКМК: Чүйдө мугалимдердин атынан аларга айтылбай банк эсептери ачылып, миллиондор уурдалган