Диний кастыкты козутууга айыпталган илимпоз Аалиеваны райондук сот актады

Бишкектин Биринчи май райондук соту философия илимдеринин кандидаты Гүлзат Аалиевага айыпталган кылмыш ишин карап, аны актады. Бул тууралуу «Клоопко» 27-январда аталган соттун басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, сот Аалиеванын ишинде кылмыштын курамы жок экендигин аныктап, күнөөсүз деп тапкан.

Аалиева 2021-жылдын 19-февралында «Расалык, этникалык, улуттук жана аймактык кастыкты козутуу» беренеси боюнча айыпталып, кармалган.

Анда илимпозго фейсбукта жарыялаган публикациясы үчүн кылмыш иши козголгон. Милиция Аалиеванын публикациясына «инсанга жана ал туткан динге каршы чагымдарды, терс мамилелерди камтыйт» деп баа берген.

2021-жылдын 23-апрелинде сот аны үй камагына чыгаргандыгын адвокаты Замир Жоошев Kaktus.Media басылмасына билдирген.

Автор: Айзада Кубанычбекова

Тема боюнча:

Философ Гүлзат Аалиева «диний жана аймактык кастыкты козутууга» шектелүүдө