Минкабдын мүчөлөрүнө мамлекеттин үлүшү бар ишканаларда иштөөгө уруксат берүү сунушталууда

Министрлер кабинети минкабдын мүчөлөрүнө жана президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине мамлекеттик үлүшү бар коммерциялык уюмдарда кызмат орундарын ээлөөгө уруксат берүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланды.

Өзгөртүүлөрдү «Министрлер кабинети жөнүндө» конституциялык мыйзамына киргизүүнү көздөшүүдө. Демилгечи — минкабдын өзү.

Негиздемеде мамлекеттик кызматкерлерге мамлекеттик үлүшү бар компаниялардын директорлор кеңешинин же байкоочу кеңешинин курамына кирүүгө уруксат берүү керектиги айтылат. Министрлер кабинети мамкызматкерлер коммерциялык эмес уюмдарда кызмат орундарын ээлешсе, «алар компанияны стратегиялык жактан башкарып, мамлекеттин кызыкчылыгын коргойт» деп эсептейт.

Ошондой эле өкмөт мыйзам долбоору коомдук талкууга муктаж эместигин жана сунушталып жаткан өзгөртүүлөр коррупциялык кесепеттерге алып келбесин айтууда. Бирок депутат Эльвира Сурабалдиева жана Башкы прокуратура мындай деп эсептебейт.

Парламенттик комитеттин 23-январдагы жыйынында Сурабалдиева башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаевадан сунушталып жаткан өзгөртүүлөр канчалык деңгээлде коррупциялык тобокелдиктерди алып келерин сурады.

Анда ал коррупциялык тобокелчиликтер бар экенин тастыктаган.

«Мамкызматкердин кошумча коммерциялык кызматтарда иштөөгө укугу жок», — деди ал.

Сурабалдиева «анда эмне үчүн минкабдын башчысы Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун 15-декабрда парламентке алып келди» деп суроо салды.

«Бир колуңуз менен ушундай мыйзамды сунуштап, экинчи колуңуз менен коррупция менен күрөшөм деп жатасызбы? Башкы прокурордун орун басары бул жерде чоң коррупциялык тобокелчиликтер бар экенин айтып атса, премьер-министр мындай мыйзам долбоорун парламентке алып келип жатат. Биз кимди угушубуз керек ошондо?» — деп сурады ал баш прокурордун орун басарынан.

Анда Үмүткан Конкубаева министрлер кабинети тарабынан сунушталып жаткан өзгөртүүлөр менен азырынча таанышпаганын айтып, аны изилдеп чыгууну убадалады. Ал эми депутат көзөмөл органы өз позициясын аягына чейин карманат деген үмүттө.