Жети-Өгүздө таштандыны кайра иштетүүчү цех ишке кирди

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында таштандыны иргеп кайра иштетүү боюнча цех ачылды. Бул тууралуу 26-январда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрилиги кабарлады.

Министрликтин маалыматында, калдыктарды чогултуп кайра иштетүү менен экология жакшырып, жергиликтүү тургундарга жумуш орундары түзүлөрү айтылат.

«Пластмасса калдыктарын кайра иштетүү технологиясынын өзү Кыргызстанда мурда колдонулуп келген кайра иштетүү технологияларына карата олуттуу жаңылыкка ээ», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, сорттоочу линиянын кубаттуулугу күнүнө эки тонна экендиги белгиленди. Аны менен катар, министрлик Ысык-Көл облусунун түндүгүндө дагы бир нече сорттоочу цехтерди ишке киргизери кошумчаланды.