Чүйгө Baуtik Mountain Resort тоо лыжа базасы курулары кабарланды

Чүй облусунун Байтик айылына Baуtik Mountain Resort тоо лыжа базасы курулат. Бул тууралуу 27-январда Туризмди өнүктүрүү фонду «Кабар» маалымат агенттигине билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашырууга Өзбекстандын Ташкенде жайгашкан Amirsoy Mountain Resort тоо лыжа базасынын өкүлдөрү көмөктөшөт. Азыркы тапта лыжа базасын куруу үчүн жер бөлүп берүү иштери жүрүп жатат.

Туризмди өнүктүрүү фонду Өзбекстандагы лыжа базасынын иши менен таанышуу үчүн Кыргызстандан атайын делегация барганын белгиледи.

«Иш сапары жемиштүү болду. Кабыл алуучу тарап тоо туризми жаатында тажрыйба алмашууга жана кызматташууга даяр экенин көрсөттү. Алар биздин делегацияга экскурсия уюштуруп, курорттук шаардын иши жөнүндө айтып беришти», — деп белгилешти фонддон.

Amirsoy Mountain Resort курортунун иши менен таанышып келген делегация мүчөлөрү өлкөдө «лыжа индустриясы үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр» бар деген жыйынтыкка келишкен.

«Идеалдуу топография жана 1500дөн 3500 метрге чейинки бийиктик диапазону эл аралык туризм кластерин түзүүгө мүмкүндүк берет», — деп белгилешти алар.

2022-жылдын ноябрь айында ТурСтат маалыматтык системасынын тизмесине ылайык, Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн арасында кышкы туризм боюнча алдынкы үчтүккө кирген. Бийлик кышкы туризмди «өлкө экономикасынын маанилүү багыттарынын бири» деп атап жүрөт.

Ал эми декабрь айында Туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш Ысык-Көл облусунда «Тамга» эл аралык спорт комплексин жана Чүй облусунда жаңы «Бирбулак» тоо-туристтик кластерин куруу долбоорлорун жактырган.

Анда эл аралык деңгээлдеги лыжа базасы үчүн бардык зарыл инфраструктураны салуу каралган. Ал эми 2022-жылдын башында президент Садыр Жапаров Кыргызстандын кышкы туризмин жарнамалап, туристтерди лыжа тээп эс алып кетүүгө чакырган.