ТИМ Казакстандын бийлигине кыргыз жарандары үчүн өлкөдө жүрүү эрежесин жеңилдетүүнү сунуштады

27-январда тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев казак элчиси Рапил Жошыбаев менен жолукту. Ал элчиден кыргызстандыктар үчүн өлкөдө жүрүү эрежесин жеңилдетүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүндү.

Буга чейин казак бийлиги VISA RUN’дан — өлкөдө мыйзамдуу жүрүүнүн мөөнөтүн жаңылоо үчүн чек арадан өтүп кайра кирүүнү жокко чыгарган.

Ага ылайык, Казакстанга визасыз тартипте келген чет өлкөлүктөр өлкө аймагынан 30 күндүн ичинде чыгып кетиши керек. Жалпысынан алар жарым жыл ичинде өлкөдө 90 күндөн ашпаган убакыт боло алышары белгиленген.

Жолугушууда Имангазиев жаңыланган шарттан улам терс кесепеттер болобу деп тынчсызданып жатканын билдирди.

«Кыргызстандын белгилүү бир категориядагы жарандарынын Казакстанда жүрүүсүнө өзгөчө көңүл бурулду. Анын ичинде айдоочулар, жүк ташуучулар, курулуш, коомдук тамактануу тармагында иштегенер, ошондой эле чек арадан үзгүлтүксүз өтүүчү жана Казакстандан транзит аркылуу башка өлкөгө кетүүчү адамдар бар», — деп айтылат министрликтин маалыматында.

Ал эми Казакстандын элчиси, маселени талкулоо үчүн эки өлкөнүн компетенттүү органдарынын ортосунда жолугушуу өткөрүүнү сунуштады. Ошондой эле ал VISA RUN мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү максатында жокко чыгарылганын кошумчалады.

Тема боюнча:

Кыргызстандыктар эми Казакстанда жарым жыл ичинде 90 күндөн ашпаган убакыт гана жүрө алышат