Ош шаарында кыргыз тилине арналган инсталляция орнотулду

29-январда Ош шаарында «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын 33 жылдыгына карата инсталляция орнотулду. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Жеңиш» аянтындагы жаңы инсталляцияда белгилүү акын-жазуучулардын мамлекеттик тилди даңазалаган сөздөрү чагылдырылды.

Иш-чарага вице-мэр Сонунбек Жунусбаев, шаардын мамлекеттик тил комиссиясынын мүчөсү Мастура Шарипова жана жаштар катышты.

Аны менен катар, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө салым кошкон мугалимдерге сыйлык тапшырылды.

Буга чейин 18-январда, парламентте «мамлекеттик тил жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Ага ылайык, маморгандардын жумушчу тили кыргызча болот.

«Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзам 1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Совети тарабынан кабыл алынып, кыргыз тилине «мамлекеттик тил» макамы берилген.

Тема боюнча:

Маморгандардын жумушчу тили кыргызча болот. Мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды