УКМК журналист Нуртилек Туратбек уулун суракка чакырды

Журналист Нуртилек Туратбек уулуy УКМКга суракка чакырышты. Бул тууралуу «Клоопко» ал өзү кабарлады.

Туратбек уулу суракты Кыргызстанга алып келинген уурдалган унаалар тууралуу журналистик иликтөөсү менен байланыштырды. Иликтөөдө уурдалган унааларды өлкөгө алып кирген коррупциялык схема бар экени, ага ИИМдин, УКМКнын жана мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери аралашканын айтылган.

«Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жолугушканда [бул тууралуу айткан элем]. Андан кийин бул ишти жетектей турган куратор дайындашкан. Мени ошол иликтөө боюнча чакырып жатышат», — деди ал.

Журналист «Клоопко» көрсөткөн чакырууда Туратбек уулу 1-февраль саат 09:00 суракка келиши керек деп жазылган.

Материал жарык көрүп жатканда УКМКдан журналисттин суракка чакырылышы боюнча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.