19 жаштагы эненин төрөттөн каза болушу: Оорукананын жетекчиси жана бир нече кызматкер иштен алынды

11-январда Чүй облусунун Кант шаарындагы Ысык-Ата райондук жалпы дарыгерлер практика борборунда 19 жаштагы эне төрөттөн каза болгон. Ага байланыштуу ооруканын жетекчиси жана бир катар кызматкерлер иштен бошотулду. Бул тууралуу 3-февралда Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, эненин өлүмүнө полиоргандык жетишсиздиктин натыйжасында сепсистин өнүгүшү себеп болгон. Мындай корутунду медициналык документтердин негизинде чыгарылды — азырынча соттук-медициналык жана гистологиялык экспертизанын жыйынтыгы чыга элек.

Буга байланыштуу энени «өлүмгө алып келген ыкчам акушердик жардам көрсөтүүнү начар уюштурганы» үчүн райондук оорукананын директору Роза Мукаева, директордун орун басары Н.Э. Сабырова, төрөт бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Н. Бегалиева кызматынан бошотулду.

Санавиациянын линиясы аркылуу чыгуудан баш тартканы үчүн №1 төрөт үйүнүн акушер-гинекологу А.М. Маматалиев иштен алынды.

Андан тышкары, саламаттыкты сактоо уюмдарынын ишин жетиштүү денгээлде уюштура албаганы үчүн Чүй облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору Бактыгүл Мамытовага сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле Ысык-Ата райондук ооруканасынын айрым кызматкерлерине укук коргоо органдары тарабынан юридикалык баа берилгенден кийин чара көрүлөрү айтылды.

Ал эми саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова эне менен баланын ден соолугун коргоо саламаттыкты сактоо тармагынын артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.

«Эмне үчүн биринчи баскычтан баштап, үчүнчү деңгээлге чейин биз, дарыгерлер, анын абалын көз жаздымда калтырдык? Мындай абал райондун эки саламаттык сактоо уюмунун ортосунда макулдашылбаган аракеттер болгонун, райондук жалпы дарыгерлер практика борборунда тийиштүү көзөмөл жок экенин айгинелейт», — деди ал.

19 жаштагы эненин өлүмү

Ысык-Атадагы райондук оорукананын төрөт бөлүмүндө көз жарган айым 11-январда каза болгон. Маалыматка ылайык, ал төрөтканадан чыккандан кийин абалы начарлап, кайра ооруканага түшкөн. Ал жакта бир күн жатып, эртеси туугандары Бишкектеги ооруканага которушкан.

12-январда маркумдун эжеси милицияга кайрылып, сиңдиси Канттагы төрөтканадагы «дарыгерлердин шалаакылыгынан улам» каза болуп калганын билдирген.

Бул боюнча милиция «Медицина же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбоо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги бул окуяны атайын комиссия иликтей турганын айтып, күнөөлүүлөр жазасын алат деп убадалагын.

Негизги бетке иллюстративдик сүрөт колдонулду.

Тема боюнча:

Ысык-Көл: Төрөтканада 6 ымыркай чарчап калган окуядан улам оорукананын жетекчиси кызматтан алынды