Ысык-Көл: Төрөтканада 6 ымыркай чарчап калган окуядан улам оорукананын жетекчиси кызматтан алынды

Сүрөт: Министрлер кабинети

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында облустук бириккен ооруканадагы 6 ымыркайдын өлүмүнө байланыштуу ооруканын жетекчиси жана бир катар кызматкерлер иштен бошотулду. Бул тууралуу 27-январда Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын өлүмүнө алып келген жугуштуу ооруларды өз убагында аныктабай жана алдын алууну жетиштүү уюштурбаганы үчүн Саламаттык сактоо министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча координаторунун милдетин аткаруучу М.Б. Кыдырбаева, Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын директору М. О. Сагынбаев ээлеген кызматынан бошотулду.

Андан тышкары, оорукананын директорунун төрөт боюнча орун басары И. К. Атагелдиева, төрөт бөлүмүнүн башчысы Р. К. Алдашева, ресурстук борборунун башчысы А. Т. Айткулуева иштен бошотулду.

Андан сырткары ооруканадагы ички инфекцияга жол бербөө боюнча көзөмөлдүн жетишисиздиги үчүн Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун директору Г. Б. Тайлакова кызматынан бошотулуп, оорукананын бир катар кызматкерлерине сөгүш жарыяланды.

Ошондой эле президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айнура Султанбаевага сөгүш жарыяланды.

Ысык-Көлдөгү наристелердин өлүмү

17-январда Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы облустук бириккен ооруканасында 15 күндө жаңы төрөлгөн ымыркай чарчап калган алты учур катталып, төрөт бөлүмү дезинфекцияга жабылган.

Ал эми оорукананын жетекчиси Мирбек Сагынбаев ээлеген кызматынан убактылуу бошотулган.

Чарчап калган ымыркайлардын ата-энелери 20-январда «Клоопко» маек берип, ымыркайлардын өлүмү «дарыгерлерлерден улам болгон» деп айтышкан. Алардын бири көз жарганга чейин оорубаганын, кош бойлуу кезде тапшырган анализдерди таза чыкканын белгилеген.

Ал эми Жети-Өгүз районунун Турсунай аттуу тургуну дарыгерлер анын ымыркайы «сепсистен» улам чарчап калганын айтышканын, бирок ал инфекция «ооруканадан жуккан» деп эсептейт.

Ал эми кызматынан убактылуу бошотулган оорукананын жетекчиси Мирбек Сагынбаев ымыркайлардын чарчап калганын «балдардын ара төрөлгөнү жана энелердин ден соолугунун начардыгы» менен түшүндүргөн.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ысык-Көл: Чарчап калган наристелердин апалары инфекция төрөт үйүнөн жуккан деп эсептейт

«Менин көп күттүргөн наристем». Кыргызстанда жылына эки миңден ашуун ымыркай чарчап калат