ИИМдин 100 жетекчиси ишинде кемчиликтерди кетиргени үчүн тартип жазасына тартылды

Коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө кемчилик кетиргени үчүн ИИМдин 100 жетекчисине ар кандай тартип жазасы берилди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы 3-февралда билдирди.

Мындан сырткары дагы төрт жетекчиге карата кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, жыйынтыгында ишмердүүлүгүнө баа берилери белгиленди.

ИИМдин кызматкерлери. Сүрөт: Министрликтин басма сөз кызматы.

ИИМдин жетекчиси Улан Ниязбеков өлкөдөгү облустук, шаардык жана райондук ички иштер башкармалыгынын жана бөлүмүнүн жетекчилери ротация болорун билдирди.

«Коомдук жайларда, көчөлөрдө жана эл көп чогулган жерлерде алдын алуу иштери дайыма жүргүзүлсүн. Жергиликтүү жетекчилер калк алдындагы отчётторду берүүнү көзөмөлгө алсын. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин талаптарын коомго туура жеткирип, жарандардын укуктары жана тиешелүү мамлекеттик органдардын милдеттери белгиленсин», — деди министр.

2022-жылдын аягында милиция кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашырган бир нече учур катталган. 24-декабрда УКМК Нарын облусунун Кочкор районунда Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун төрт мүчөсүн жана аларга тиешеси бар милиция кызматкерлерин кармаган. Эки күндөн кийин ушуга окшош эле иш менен Сузак РИИБнин кызматкерлери кармалган.

Андан көп өтпөй бул иштерге байланыштуу Нарын облусу боюнча 22 милиция кызматкери жазаланып, министр төрт облустагы ички иштер органдарынын жетекчилерин алмаштырган.

Тема боюнча:

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн жаап-жашыруу: Нарында 22 милиция кызматкери жазаланды