Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн мелдеште күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Айпери Медет кызы Хорватияда өткөн Zagreb Open эл аралык мелдешинде күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу 5-февралда Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) билдирди.

Медет кызы кыз-келиндер күрөшү боюнча 76 килограмм салмактык категорияда күч сынашты. Ал финалга чейин Индиядан, Канададан жана Кытайдан келген спортчуларды далысын жерге басуу менен таза жеңген.

Ал эми финалдык беттеште АКШнын балбаны Елена Макойедге 2:4 эсебинде жеңилип, күмүш медалга ээ болду.

Мелдеш 1-февралдан 5-февралга чейин Хорватиянын Загреб шаарында өттү. Турнирге Кыргызстандын атынан Айсулуу Тыныбекова да барган. Бирок ал алгачкы беттеште кытайлык балбанга жеңилип, мелдештен четтетилген.

Айпери Медет кызы — Азиянын эки жолку чемпиону, Дүйнө чемионатынын күмүш медалынын ээси жана Токио олимпиадасынын катышуучусу.