Иликтөөчү журналист Ыдырыс Исаков милицияга суракка чакырылды

Иликтөөчү журналист, блогер Ыдырыс Исаков төрт жыл мурда Садыр Жапаров боюнча айткан видеосу үчүн милицияга суракка чакырылды. Бул тууралуу журналист өзү «Азаттык» басылмасына ырастады.

Исаков ага чакыруу оозеки болгонун, кат аркылуу албаганын айтты. Анын айтымында, алгач Ички иштер министрлигинен байланышып, кийин шаардык милициянын тергөөчүсү телефон чалган. Ал анын интернетте тарап жаткан видеосуна байланыштуу түшүндүрмө берүүсүн сураган.

Журналист эмне болгон видео экенин так билбейт, бирок азыркы президент жөнүндө болушу мүмкүн деп божомолдоп жатат. Анда ал Садыр Жапаров камакта жаткан убакта аны сыпаттаган.

Исаков кайсы видео экенин анык билип, кырдаалды териштирүү керектигин, ИИМдин кызматкерлери видеону өчүрүүнү суранса да аткарбай турганын белгиледи.

Ал эми милициядан 24.kg басылмасына иликтөөчү журналист суракка чакырылганын тастыкташты. Бирок иштин чоо-жайы тууралуу маалымат беришкен жок.

Ыдырыс Исаков бир нече жыл «Азаттык» үналгысында иштеп, 2019-жылы ал жактан кетип өзүнүн YouTube каналын ачкан. Учурда ал социалдык көйгөйлөрдөн тартып иликтөөгө чейин чыгарганды улантууда, каналына 400 миңден ашуун адам катталган.