Ошто акча опузалоого шектелип «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Cүрөт: УКМК

Ошто «Женго» каймана аттуу кримтөбөл Кадырбек Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун 2 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу 7-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алар Ош облусунун тургунун күч көрсөтүп зомбулук кылабыз деп коркутуп, кысым көрсөтүп, андан 14 500 АКШ долларын талап кылышкан. Бул факты боюнча «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Учурда кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө жүрүп жатат.

Январь айында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө, ал эми анын шеригин сабоого шектелип Кадыр Досонов өзү да кармалган. Ал ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

13-январга караган түнү саат 01:15 чамасында Оштогу Курманжан Датка көчөсүндө жайгашкан банктын жанында Кызыл-Кыя шаарында туулган 30 жаштагы кишиге миздүү курч нерсе менен кол салуу болуп, ал жеринде каза тапкан. Кылмышкерлер ак түстөгү автоунаа менен из жашырып кетишкен.

Ал эми анын 28 жаштагы шериги катуу жабыркап, тез жардам кызматы тарабынан Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Анын өзгөчө бут органдары каттуу жабыр тартканы маалымдалган.

Бул ишке байланыштуу милиция бир нече кишини кармап, бир нечесине издөө жарыялаган. Учурда бул иш боюнча да тергөө уланууда.

ТЕМА БОЮНЧА:

Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү. Кримтөбөл «Женго» ТИЗО-1ге эки айга камалды

Ош: Кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды