Противогаз кийген тургундар, карарып кеткен кар — Бишкектеги ыш жөнүндө комикс

Peshcom демилгелүү тобу менен Movegreen’дин экоактивисттери булганган аба көйгөйү чечилбесе бишкектиктердин жашоосу кандай болуп каларын чагылдырган ыш тууралуу комикс чыгарышты.

Ыштын пайда болуусуна үйлөрүн көмүр, тигүү цехтеринен чыккан кездеме жана башка калдыктарды жагып жылыткан конуштар себеп болуп атканы айтылып келет.

MoveGreen жана Peshcom’дун комикси.

Жаңы жылда шаар бийлиги экоактивисттердин талабына карабастан салют аттыруудан баш тартпады. Фейервек атылганда кооз корүнгөнү менен абаны булгап, жан-жаныбарларды үркүтөт.

MoveGreen жана Peshcom’дун комикси.

Жакынкы келечекте Бишкек шаарынын тургундарынын балдары кар ак болорун деле билбей калат.

MoveGreen жана Peshcom’дун комикси.

Ышка толгон шаар зомби апокалипсис жөнүндө үрөй учурган тасмаларды, ал эми противогаз кийген шаар тургундарын жалгыз аман калгандар деп элестеттире баштайт.

MoveGreen жана Peshcom’дун комикси.

Айрымдар ыш жок, абанын саматын өлчөгөн датчиктер «алдайт» деген сөзүн уланта берет.

MoveGreen жана Peshcom’дун комикси.

Ал эми Бишкек шаарынын мэри кышкысын башка шаардын башчысы болуп иштеп келүүнү каалап калат, бирок баарына «Бишкекте абал анчейин деле жаман эмес» деп ишендиргенге аракет кылат.

MoveGreen жана Peshcom’дун комикси.