ТИЗО-1деги камактагылар ырайымсыз мамилеге кабылып жатканын айтышты — укук коргоочулар

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору ТИЗО-1деги камактагылар өз убагында меджардам көрсөтүлбөй, ырайымсыз мамилеге кабылып жатканын айтып даттанышканын билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында айтылат.

Улуттук борбордун кызматкерлери ТИЗО-1ге 6-февралда барышкан. Укук коргоочулар камактагылардын арасында беш жана тогуз айлык кош бойлуу эки аял, бир жарым жашар баласы бар бир келин жана жашы 65тен өйдө төрт аял бар экенин аныкташкан.

Алар укук коргоочуларга тийиштүү меджардам убагында көрсөтүлбөй, сот териштирүүлөрүнөн кыйналышканын айтып даттанышкан.

«Аялдар кош бойлуу келиндерди сотко алып барып, бирок түрдүү себептер менен сот процесстери жылып кетип жатканын айтышты. Мындан тышкары, меджардам көрсөтүүдө гендердик факторлор эске алынбайт экен: УЗИ адиси эркек киши болгондуктан аял адисти суранып жатышат», — деп билдиришти укук коргоочулар.

Мындан тышкары, Улуттук бордордун кызматкерлери камактагы Т.М аттуу жарандын арыз-муңун угушкан. Ал милиция аны 31-январда себебин айтпай эле күч колдонуп кармап кеткенин айтып берген. Анын айтымында, кызматкерлер анын колун кайрып, башы менен дубалды сүздүрүп, ИИМде туугандарына чалдырбай 9 саат кармашкан. Ал андан улам ашказан жарасы ачылып, ичинен кан кете баштаганын айткан.

Ошондой эле укук коргоочулар абакта отурган дагы бир кишинин арызын алышкан. Ал өнөкөт бөйрөк жана жүрөк оорулары күчөп кеткендиктен баш коргоо чарасын өзгөртүп берүүгө жардам сураган.

Кыйноолордун алдын алуу улуттук борбору ТИЗОго Кемпир-Абад ишинин фигуранты Перизат Суранованын кайрылуусунан кийин барган. Ал ден соолугу солгундап кеткендиктен тез арада ооруканага жаткырууну талап кылган. Суранованын айтымында, ыйгарым укуктуу органдар аны атайылап ооруканага которбой жатышат.

Суранова Кемпир-Абад ишинин фигуранттары ТИЗОдо саясий жүйөлөр менен кодулоого кабылып жатканын дагы айткан. Ал негизинен кармоо шарттары «өтө начар» болуп, негизсиз тинтүүлөр тынбай, меджардам көрсөтүүдөн баш тартып жатышканын билдирген.

Суранова 23-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист жана саясатчы менен бирге кармалган. Кармалгандын баары «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деп айыпталууда. Алардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Ал эми кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга карата иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип, 17 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.