Кемпир-Абад иши: Перизат Суранова кайрадан ооруканага которууну өтүнүп абактан кат жазды

Кемпир Абад иши боюнча кармалган активист Перизат Суранова кайрадан ооруканага которууну суранып жатат. Ал абактан кат жазып, акыйкатчы Атыр Абдрахматовага, Жогорку Кеңештин депутаттарына жана юстиция министри Аяз Баетовго кайрылды.

Суранова абакта жаткандарга тандалма мамиле болуп жатканын билдирди. Анын айтымында, саясий себептен улам ТИЗО-1де жаткандар өзгөчө дискриминацияга кабылышууда.

«Мага карата өзгөчө дисциплинардык, мындайча айтканда, ырайымсыз мамилени абактагы алгачкы күндөн тартып эле башыман өткөрдүм. Үч айдан бери ден соолугумдун күн сайын айдан ачык эле начарлап баратканына карабай өз убагында текшерилип, ооруканага жатып жана хирургиялык кийлигишүүгө макулдук ала албадым», — деп жазды ал.

Активист айым анализдерге ылайык, операцияга муктаж экенин белгиледи — себеби, патологиялык процесс анын ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жараткан мүнөзгө ээ боло баштайт.

Суранова тиешелүү органдар аны ооруканага которууну «атайылап создуктуруп жатышат» деп эсептейт. Ал абакта диагнозу аныкынан жакшыраак болгондор деле ооруканага которулуп жатышканын кошумчалады.

Ал буга дейре Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандар абактагы «өзгөчө начар шарттар, негизсиз тинтүү жана медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартуу» тууралуу бир нече жолу айтып чыгышканын эске салды.

Буга байланыштуу активист Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга карата дискриминация, катаал мамиле, медициналык жардамдан баш тартуу учурларын текшерүүнү өтүндү. Ошондой эле ал «абактагыларга тандалма мамиле кылганы боюнча» ТИЗО-1дин администрациясын текшерүүнү суранды.

Суранованын ден соолугу

Буга чейин Суранова тез арада операция жасатууга муктаж экени кабарланган. Дарыгерлер ага «жатын миомасы» деген диагноз коюп, жыныс органында пайда болгон шишиктер жарылып кетсе, кан көп жоготуу коркунучу бар экенин, бул өмүрүнө кооптуу экенин айтышкан.

Ал эми Жаза аткаруу кызматы Суранованы операция жасатуу үчүн ооруканага соттун чечими жок эле, Саламаттык сактоо министрлиги менен түзүлгөн келишимдин негизинде алып барса болорун белгилешкен.

Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги Жаза аткаруу кызматы активистти алардын уруксатысыз эле ооруканага которо алышарын билдирген.

Суранова октябрдын аягында Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишин сындаганы үчүн 30га чукул активист, саясатчы менен бирге кармалган. Алардын алтоо — аял.

Кармалгандардын бир бөлүгү кармоого чейин бир күн мурда түзүлгөн Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрү.

ИИМ активист, саясатчыларга «Массалык башаламандыктарды уюштурууга» аракет кылган деген айып тагууда. Алардын бардыгы Бишкектеги ТИЗО-1ге камакка алынган.

Ал эми кармалгандардын баары күнөөлөрү жоктугун, аларга карата иштер «токулган» деп айтышууда. Ошондой эле Кемпир-Абад боюнча позициясын ачык айтып чыккандыктан кылмыш куугунтугу болуп жатат деп эсептешет. Камакка алууга нааразылык билдирип, 17 адам эки жумадан ашык ачкачылык жарыялаган.

Тема боюнча:

Бермет Барыктабасова: Перизат Суранованын абалы начар, ооруканага которууну суранып жатат