ЭлТРдин директору «ПолитКлиниканы» сотко берерин билдирди

Эрлан Догдурбеков

Мамлекеттик ЭлТР телеканалынын директору Эрлан Догдурбеков «ПолитКлиниканы» сотко берерин билдирди. Бул тууралуу ал «Азаттыкка» берген маегинде билдирди.

Догдурбековдун айтымында, «учурда сотко берүү үчүн документтер даярдалып жатат».

Буга чейин Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков 8-февралда фейсбукка пост жазып, «ПолитКлиника» медиасын «такталбаган калп маалымат таратты» деп айыптаган. Басылма ЭлТР мамлекеттик каналынын журналисттеринин «Садыр Жапаровдун убагында электр тармагына бир сом да карыз алынган эмес» деген бүтүмүн ачык булактар аркылуу анализдеп, аны «толугу менен жалган маалыматтан турат жана манипуляция» деп жыйынтык чыгарган болчу.

Орунбековдун постуна тиркелген ЭлТР каналынын «Атайын репортажында» «басылма кечирим сурабаса, сотко кайрылабыз» деп айтылган.

Ал эми «ПолитКлиниканын» негиздөөчүсү Дилбар Алимова «Клоопко» маек куруп, бийлик өкүлүнүн билдирүүсүн «басылманын ишин дискредитациялоо аракети» деп баалаган.

ТЕМА БОЮНЧА КЕНЕНИРЭЭК ОКУҢУЗ:

Жапаров энергосекторго насыя алганбы? Орунбеков, «ПолитКлиника» жана ЭлТРдин чыры