УКМК коррупцияга каршы коомдук бирикменин мүчөсү пара талап кылууга шектелип кармалганын билдирди

Сүрөт: УКМК

Жалал-Абадда «Мыйзам Нуру Коррупцияга каршы коомдук жардам» коомдук бирикмесинин мүчөсү пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 9-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, коомдук бирикменин инспектору облустагы бала бакчалардын биринин директорун «колумда бар компроматтарды укук коргоо органдарына өткөрүп берем» деп «коркуткан». Ал директордон акча талап кылган.

Буга байланыштуу УКМК «Опузалап пара талап кылуу» беренеси менен кылмыш ишин козгоду, учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Иликтөө уланып жатат.

3-февралда «Коррупцияга каршы элдик кыймыл» коомдук бирикмесинин башчысы пара опузалоого шектелип кармалган. Маалыматка караганда, шектүү Кемин районуна караштуу Кичи-Кеминдеги айыл башчыдан финансылык текшерүүнү токотууну убадалап, ири өлчөмдө акча талап кылган.

«Шектүү бирикменин макамын пайдаланып, мамлекеттик кызматкерлерден, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан бюджеттин сарпталышы жана башка кызыктырган маалыматтарды сурап жүргөн. Эгер алар талапты аткарбаса, ишин текшерерин айтып коркутуп, көптөн бери акча алып жүргөн», — деп белгилешкен атайын кызматтан.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген, учурда бул иш боюнча да териштирүү жүрүп жатат.

ТЕМА БОЮНЧА:

УКМК: «Коррупцияга каршы элдик кыймылдын» башчысы пара опузалоого шектелип кармалды