Өзгөн: «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү адам уурдоого шектелип кармалды

Ош облусунун Өзгөн районунда «Женго» каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү адам уурдоого шектелип кармалды. Бул тууралуу 10-февралда «Клоопко» УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандардын бири 2021-жылы «Адам уурдоо» беренеси боюнча атайын кызматтын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан издөөгө алынган.

Учурда алар Баткен районунун убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери уланып жатат.

Бул «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалган биринчи учур эмес. 7-февраль күнү Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун 2 мүчөсү Ош облусунун тургунунан 14 500 АКШ долларын опузалоого шектелип кармалган. Бул факты боюнча «Опузалап талап кылуу» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ал эми январь айында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө, ал эми анын шеригин сабоого шектелип Кадыр Досонов өзү кармалган. Ал ТИЗО-1ге эки айга камакка алынган.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ошто акча опузалоого шектелип «Женгонун» уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

Оштогу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн өлтүрүлүшү. Кримтөбөл «Женго» ТИЗО-1ге эки айга камалды

Ош: Кылмыштуу топтун мүчөсүн өлтүрүүгө шектелип «Женго» каймана аты менен таанымал кримтөбөл кармалды