Видео: Кыргызстандык куткаруучулар Түркияда урандынын астынан өспүрүмдү тирүү табышты

Түркияга барган кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында урандынын астынан 16 жаштагы өспүрүмдү тирүү алып чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.

«11-февралда, түнкү саат 02:30 чамасында биздин куткаруучулар издөө-куткаруу иштерин жүргүзүп жатып, урандынын астынан 6-күнү дегенде тирүү адамды таап, алып чыгышты», — деп белгилешти министрликтен.

Маалыматка ылайык, өспүрүм жер титирөө учурунда имараттын 5-кабатындагы үйлөрдүн биринде калып кеткен.

Буга чейин ӨКМдин куткаруучулары урандылардын астынан 48 жарандын сөөгүн алып чыгышкан болчу.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

The Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, зилзаланын кесепетинен эки өлкөдө каза болгондордун саны кеминде 23 миңден ашты.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан.

Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги расмий билдирүү таратып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактардын жашоочуларына көмөк көрсөтүүнү каалагандарга буюмдардын тизмесин түзгөн.

Аны менен катар Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 67 куткаруучусун жөнөткөн. Кийинчерээк кыргыз бийлиги кошумча 100 куткаруучу, эки үйрөтүлгөн ит, гуманитардык жардам жана 100 боз үй жиберген.

ТЕМА БОЮНЧА:

Ош: Түркиядагы зилзаладан жабыркагандарга жардам чогултуу үчүн эки пункт ачылды

ИИМ Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга 3 тонна гумжардам жөнөттү