Түркиядагы элчи: Зилзалада дайынсыз болгондордун арасында кыргыз жарандары жок

Түркиядагы зилзалада дайыны чыкпай жаткандардын арасында кыргызстандыктар жок. Элчилик кыргыз жарандарынын баары менен байланышты. Бул тууралуу 12-февралда Түркиядагы элчи Руслан Казакбаев билдирди.

Анын айтымында, 70тен ашык кыргыз жараны Анкара, Анталия, Алания шаарларына, ошондой эле Астана жана Ташкент шаарлары аркылуу Кыргызстанга эвакуацияланды.

«Жабыркаган аймактардан жарандарды эвакуациялоо иштери уланууда. Мындан тышкары, кырсык болгон аймактардагы Кыргызстандын жарандарына азык-түлүк, жылуу кийим-кече жана жууркан-төшөк сыяктуу жардамдар көрсөтүлүүдө», — деди элчи.

Ошондой эле Казакбаев Кыргызстандан жөнөтүлгөн боз үйлөрдү жана гумжардамды кабыл алууга даярдык көрүлүп жатканын белгилеп, бүгүн учак Газиантеп шаарына конорун кошумчалады.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарында 7 жана 16 жаштагы эки өспүрүмдү, 22 жаштагы кош бойлуу айымды урандынын астынан аман-эсен алып чыгышкан.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта зилзаланын кесепетинен эки өлкөдө каза болгондордун саны кеминде 29 миңден ашты.