Түркиядагы зилзала: Кыргызстандык куткаруучулар кош бойлуу аялды жана 7 жашар баланы куткарышты

Түркиядагы кыргызстандык куткаруучулар Кахраманмараш шаарында 22 жаштагы кош бойлуу келинди жана 7 жаштагы баланы урандынын астынан алып чыгышты. Бул тууралуу 12-февралда ӨКМдин басма сөз кызматы кабарлады.

«Кыргызстандык куткаруучуларга эле эмес, бүтүндөй түрк элине кубаныч тартуулаган окуя 11-февралда кыргызстандык куткаруучулар издөө иштеринин учурунда болду», — дешти министрликтен.

Маалыматка ылайык, 7 жаштагы Алиайчичек аттуу бала 12-февралда түнкү 02:30 чамасында куткарылды — бирок анын апасы жана байкеси урандынын астында калган. Алардын сөөгү чыгарылып, туугандарына берилди.

Буга чейин кыргызстандык куткаруучулар 11-февраль түнкү саат 02:30 чамасында урандынын астынан 16 жаштагы өспүрүмдү тирүү алып чыгышкан.

Түркия жана Сириядагы зилзала

Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө 6-февралда жергиликтүү саат боюнча эртең мененки 04:17 чамасында башталган.

The Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, зилзаланын кесепетинен эки өлкөдө каза болгондордун саны кеминде 28 миңден ашты.

Кыргыз бийлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бирдиктүү депозиттик эсеп ачкан. Ал эми Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги жер титирөөдөн жабыркаган тургундарга көмөк көрсөтүүнү каалагандарга керектүү буюмдардын тизмесин түзгөн.

Аны менен катар Кыргызстан Түркияга жардамга ӨКМдин 67 куткаруучусун жөнөткөн. Кийинчерээк кыргыз бийлиги гуманитардык жардам жана 100 боз үй жиберген.

12-февралда Түркияга дагы 100 куткаруучу жана алты дарыгер, 120 боз үй жана 20га чукул аскер чатыр жиберилери кабарланган.