Видео: Кыргызстандан 50 куткаруучу жана 6 дарыгер Түркияга учуп кетти

12-февралда Кыргызстандан атайын борт менен Түркиядагы зилзалада жабыркагандарга жардам берүү үчүн 50 куткаруучу жана алты дарыгер учуп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

«Биздин балдар Кахраманмарашта иштеп жатат. Азыркы тапта биздин көрсөткүч жогору. Урандыда калгандарды куткаруу боюнча статистикада да алдынкы орунда — Орусия, Азрейбайжан анан Кырсызстан», — деди өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев.

Ал эми калган 50 куткаруучу, 75 боз үй, ошондой эле медициналык каржаттар, кийим-кечеден турган гуманитардык жардам Түркияга 14-февралда жиберилери кабарланды. 

Азыркы тапта Туркиядагы куткаруу иштерине ӨКМ менен Саламаттык сактоо министрлигинин 170ке чукул кызматкери тартылды.

Буга чейин кыргыз бийлиги 67 куткаруучуну Түркияга жиберген, алар 7 жана 16 жаштагы эки өспүрүмдү, 22 жаштагы кош бойлуу айымды урандынын астынан аман-эсен алып чыгышкан.

6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сирияда күчү 7,4 баллга жеткен катуу жер титирөө болгон.

Маалыматка ылайык, азыркы тапта зилзаланын кесепетинен эки өлкөдө каза болгондордун саны кеминде 29 миңден ашты.