Экоактивисттер таштанды иргеп иштеген Тажикан эжеге үй куруп берүү үчүн акча чогулта башташты

Movegreen’дин активисттери Тажикан эжеге үй алып берүү үчүн каражат чогулта башташты. Ал дээрлик 17 жылдан бери Бишкектин полигонунда таштанды иргеп иштейт.

«Жардам беребиз дегендердин өтүнүчү менен акча чогултууну уюштурдук. Бир канча жыл мурун Тажикан эже колун полигондо жүрүп таштанды төккөн унаага кокустатып алган, ден соолугу тууралуу суроолорго жакшымын деп коёт, а бирок күн бою полигондо метан жана түтүн жыттап иштеген жаштарга кабатыр экенин айтат» — деп жазышты экоактивисттер.

Активисттердин айтымында, Тажикан эже 20 жылдай мурда таштанды полигонуна жакын Алтын-Казык мыйзамсыз конушуна көчүп келген. Беш баласы жашоодон өтүп кеткен, жолдошу инсульт алгандыктан иштей албайт. Ошондуктан Тажикан эже таштанды иргеп иштегенге аргасыз.

«Тажикан эже бул жерден кетип, короо жайы, чарбасы бар үйдө, таза аба жутуп жашаганды кыялданат. Ал үчүн шаардан жер сатып алып койгон», — деп билдиришти Movegreen кыймылынан.

Тажикан эжеге жардам берүүнү кааласаңыз, төмөнкү реквизиттерди колдонуңуз:

🖇ОПТИМА: 4169 5853 4849 0540 (Мунара Б.)

🖇МБАНК: 0555775734 (Мунара Б. — Алтын-Казык конушунун жергиликтүүлөрү менен иштөө боюнча менежери).