Глюкозаны аныктоочу тесттер кант диабети менен жабыркагандарга арзандатуу менен сатыла баштады

Иллюстративдик сүрөт

Кант диабети менен жабыркагандар кандагы глюкозаны аныктоочу тесттерди 50%га чейинки арзандатуу менен сатып ала алышат. Бул тууралуу 13-февралда Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду билдирди.

Маалыматка ылайык, камсыздандырылган жарандар жеңилдетүүнү Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен келишим түзгөн дарыканаларда колдоно алышат.

Андан сырткары, инсулин алган кант диабетинен жабыркаган бейтаптар камсыздандыруусу бар-жогуна карабастан инсулин жана инсулин шприцтерин талапка карап акысыз ала алышат. Ал эми глибенкламид таблеткаларын 5 мг өлчөмү менен 5 кутудан (600 таблетка) алууга болот.

Ошондой эле үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна катталган бейтаптар камсыздандыруу статусуна карабастан, медкызматтардын акысыз базалык пакетине — кабыл алуу, консультация, лабораториялык диагностикалык текшерүүдөн (талдоолордун 11 түрү) өтүүгө укуктуу.

Ал үчүн бейтаптар милдеттүү түрдө жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна катталышы керек.

Кошумча суроолор боюнча дарыгер-эксперттерден жооп алуу үчүн Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 113 ишеним телефонуна чалсаңыз болот.

ТЕМА БОЮНЧА:

Өспүрүм кыздар үчүн ден соолук жана жетилүү жөнүндө мобилдик тиркеме иштелип чыкты